Акцияга келген партиялар сөз талашып жатышат.
Музыкант, Эл артисти Курмангазы Азыкбаев: "Өлкөнү түрө кыдырып жүрүп, адамдардын турмуш шартын көрүп ыйлагым келет. Парламенттеги "чимкириктер" өлкөнү, келечекти, ресурстарды сатууда. Марат Аманкулов жөн гана кечирим сурабастан, сот жообуна тартылышы керек".
Коомдук ишмер Эмил Үмөталиев: "Мурдагы Советтер Союзунун чек арасына кирген, кийин бөлүнүп кеткен мамлекеттерди кайтарып алабыз" деген чакырыктар ачык айтылып келаткан. Жириновскийге, Дугинге окшогондор айтып жүрүшөт. Ошолордун сөзү кайталанып, эми аткарууга алынгандай. Мен муну кооптонуу менен кабыл алдым".
Кызжибек аттуу активист кыз сөз талашып жаткан демонстранттарды дымагын басып, желектерин алып таштап, жалгыз гана Кыргызстандын туусун көтөрүп турууга, кул болбой, эгемендик үчүн күрөшүүгө чакырды. Ошондон кийин партиялар өздөрүнүн желектерин алып коюшту.