23-сентябрда Беларустагы каршылык акцияларында 364 киши кармалганын, алардын 252си Минск шаарында кармалганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Мекеме акциялар 59 жерде өтүп, ага беш миң киши катышканын маалымдайт. Ал эми эркин байкоочулар андан бир канча эсе көп адам митингге чыкканын белгилеп жатышат.
Кезектеги митингдер Александр Лукашенко 23-сентябрда купуя инаугурация өткөрүп, Беларус президентинин кызматына киришкени жарыялангандан кийин башталган. Оппозициянын Координациялык кеңеши элди мөөнөтсүз баш ийбестик акцияларын өткөрүүгө чакырган.
Акыркы шайлоодо Лукашенконун башкы атаандашы болгон Светлана Тихановская инаугурацияны театралдашкан комедияга салыштырды.
«Лукашенко элден жашырып өз инаугурациясын өткөрүүгө аракет кылды. Өзүн легитимдүү деп таануу аракети мурдагы ыйгарым укуктары аягына чыкканын гана билдирет. Ал эми жаңы мандатты эл ага берген жок», - деп билдирүү таратты Тихановская.
Ал эми Александр Лукашенко 24-сентябрда Кытайдын Беларустагы элчиси Цуй Цимин менен жолуккан учурда инаугурациясы жана Батыш өлкөлөрүнүн анын жаңы президенттик мөөнөтүнүн мыйзамсыздыгы тууралуу сынына жооп кайтарды. «Биз эч кимди «тааныгыла» же «тааныбагыла» деген эмеспиз. Башкысы биздин өлкөнүн Конституциясына туура келсе болду», - деди ал.
Беларуста 9-августтагы шайлоонун расмий жыйынтыгында өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Буга ишенбеген жүз миңдеген эл ошондон бери митинг-жүрүш, иш таштоолорду уюштурууда.