Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы мааракелик 75-жыйыны онлайн өттү. Дүйнө мамлекеттеринин лидерлери биринчи жолу Нью-Йоркко чогулбай, өз өлкөлөрүнөн видеокайрылуу жасашты.
Буга чейин жыйындарга дипломаттарын гана жөнөткөн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпиң өздөрү сөз сүйлөштү.
Коронавирус пандемиясы дүйнөнү силкинтип, өлкө экономикаларын солгундаткан кезде 193 мамлекеттин тилектештигин билдирген уюмда АКШ менен Кытайдын тирешүүсү күч алып баратат.
Вашингтон Бээжинди «коронавирус коркунучу тууралуу ачык жана так маалымат бербей, оорунун дүйнөгө таркашына өбөлгө түзгөн» деп дагы бир сыйра айыптады.
АКШнын президенти Дональд Трамп «Кытай вирусунун» дүйнөгө жайылышы үчүн Бээжинди жоопко тартууга чакырды. Ошондой эле ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) да күнөөлөдү.
«Кытай өкмөтү менен иш жүзүндө Бээжинге баш ийип калган ДССУ башында вирустун адамдан адамга жугары тууралуу эч кандай далил жок экенин айтып чыгышкан. Кийин «симптому жок адамдар ооруну башкаларга жугузбайт» деп чыгышкан. БУУ Кытайды жоопко тартышы керек», - деди Трамп.
Трамп мындан тышкары Иранды «дүйнөдө терроризмди каржылап жатат» деп айыптап, «АКШ гана терроризм менен күрөштү ийгиликтүү жүргүзүп жатканын» кошумчалады.
Андан кийин сөз сүйлөгөн Кытайдын өкүлү АКШнын дооматтарын «таптакыр негизсиз» деп четке какты. Трамптын айыптоолорунун алдын ала Кытайдын лидери Си Цзиньпиң дүйшөмбүдө өз билдирүүсүн таркаткан.
«Эл аралык чөйрөдө бир да мамлекеттин башкаларга үстөмдүк кылууга, башкалардын тагдырын чечүүгө же бир гана өзүнүн өнүгүшү үчүн талпынууга укугу жок. Каалаганын жасап, гегемон, ээнбаш же бардыгына кыйын боло бергенге болбойт. Бир тараптуулук – бул туңгуюк» деп айтылат Си Цзиньпиңдин билдирүүсүндө.
Бээжин Трамп эл аралык коомчулукту теңине албай, климат боюнча Париж келишиминен жана Иран боюнча чечимден баш тартып, БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши менен ДССУдан чыгып кеткенин сындап, өзүн көп тараптуулуктун жактоочусу катары көрсөттү.
2015-жылдан бери биринчи жолу БУУнун жыйынында сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин пандемиядан кийин дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине бир топ убакыт керек болорун айтып, эл аралык соода-сатыкта «мыйзамсыз санкцияларды» жоюп салууну сунуш кылды. Бирок ал кайсы санкциялар тууралуу кеп козгогонун ачыкка чыгарган жок.
Мамлекет аралык мамиледе «кайрымдуулук жана гуманизм жетишпей» жатканына кейиген Путин коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын сунуш кылды.
«Орусия БУУга бардык керектүү жардамын көрсөтүп, уюмдун кызматкерлерине вакцинаны акысыз берүүгө даяр», - деди Путин.
Буга чейин «Associated Press» агенттигине «вирус глобалдык коопсуздук үчүн №1 коркунуч» болуп калганын айткан БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш болсо өз сөзүндө пандемия дүйнөдөгү тынчтыктын морттугун көрсөтүп койгонун, бирок эч качан жаңы «кансыз согушка» жол бербеш керек экенин баса белгиледи.
«Бүгүн биз ар тараптан көптөгөн чакырыктарга кабылып, бирок аларды чечүүнүн жолдорун таппай турабыз, - деди ал. - Эч ким дүйнөлүк үстөмдүктү каалабайт, бирок дүйнөнү башкарууну жакшыртыш үчүн биз чогуу иш алып барышыбыз керек».
Бир катар өлкөлөрдүн лидерлери БУУну жана анын Коопсуздук кеңешин реформалоого чакырып, анда АКШ, Орусия, Кытай, Франция менен Британия гана вето укугуна ээ болгон туруктуу өкүлдөр экенине нааразылыгын жашырышкан жок.
«Дүйнөлүк коомчулуктун тагдырын Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү чечпеши керек. Глобалдык чечимдерди биз чакан топко берип койбошубуз керек. Эл аралык уюмга ишенимди кайтарыш үчүн, уюмда реформа жүрүгүзүп, эрежелерди кайрадан карап чыгыш керек», - деди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Ал эми Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттар Уюмунун мааракелик жыйынында жасаган видео кайрылуусунда пандемияда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн өнөктөш өлкөлөргө, эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирген.
«Коронавирустун кесепети тышкы карыз маселесине катуу таасирин тийгизди. «Чоң жыйырмалыкка» жана эл аралык каржы уюмдарына карыздарды төлөөнү токтотуу боюнча чечими үчүн ыраазычылык билдирем. Биз ошондой эле туруктуу өнүгүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо боюнча сунушубузду колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз», - деген президент.
Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жатып, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн жана демократияны коргоого маани берерин билдирди. Жээнбеков Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда Кыргызстанды колдоп берүүнү өтүндү.
21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын жылдык жыйыны башталды. Уюмдун тарыхында биринчи жолу дүйнө мамлекеттеринин лидерлери Нью-Йоркко чогулбай, жыйынды онлайн өткөрүп жатышат. Башкы Ассамблеянын жыйыны 29-сентябрда соңуна чыгат.