Аксыга кайналыны кайра иштеткен цех керек
Кайналыны кургатып, сатуу менен ишкерлик кылган Аксынын тургундары район аймагына кайра иштетүүчү цех курулса дешет. Анткени райондо кара өрүктү экспортко даярдоо жагы жолго коюлган эмес. Азыркы тапта кара өрүктү кургатуу иштери эми гана башталды. Багбандар бул жылы кайналынын баасы жогору болуп жатканын айтып кубанышууда.