Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Кымбаттаган эт, сыртка сатылган мал


Бишкек шаарынын Ош базарындагы эт павильон.
Бишкек шаарынын Ош базарындагы эт павильон.

Кыргызстанда эттин баасы кымбаттады. Уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин бааланып жатса, айрым жерлерде баа андан да көтөрүлдү.

Мунун себеби өлкөдө малдын жана эттин экспорту өскөнү менен түшүндүрүлүүдө. Жандыктардын сыртка сатылышы расмий эсепте бир нече эсе көбөйсө, расмий эмес эсеп андан да арбын. Анын ичинде мал негизинен Тажикстанга жана Өзбекстанга жөнөтүлүп жатат.

«Элдик экономика» түрмөгүндө ушул тема талданды.

Баа көтөрүлдү, даттанган киши көп

Бишкек шаарынын «Ош» базарындагы эт павильонунда кирген кишини өзүнө тартмай, товардын тазалыгын айтып чакырмай, этти балталап жаткан үндөр адаттагыдай кулактын кужурун алат.

Кымгуут турмуш дале өз нугунда, бир гана баалар күн сайын өзгөрүүдө. Эт алганы келгендердин көбү муну кейип-кепчип, айтып жатышты.

Ош базарындагы эт павильону.
Ош базарындагы эт павильону.

Мансуркан Ташматова, Бишкек шаарынын тургуну:

«Биз уйдун этин 390 сомдон алдык. Бул биз үчүн аябай кымбат. Кыргыздарда этсиз жашоо жок экенин билесиңер, эми кантип алабыз? Дарыгерлер болсо «коронавируска каршы эт жегиле» деп айтышат экен, алайын десең жагдай ушундай».

Турат Жаныбеков, Бишкек шаарынын тургуну:

«Карапайым элге кыйын болду. Анткени азыр көбүндө жумуш, киреше жок. Ушундай жагдайда баары кымбаттап кетти. Эми минтип эттин баасы да асмандаптыр. Эттин эң арзаны килограммы 340 сомдон, 400 сомго чейин барат экен. Карачы, бул не деген баа? Керек болсо нанга акча таба албай жаткан чакта, эми эт жей албай калдык».

Санжарбек Үсөналиев, Бишкек шаарынын тургуну:

«Кандай кымбаттатып жатышканын билбейм, бирок баасын кыйла кошуп алышыптыр. Биз да эптеп тыйын табабыз деп жүрөбүз, бирок эт да жеш керек экен, алайын десең күнүмдүк кирешең бүт азык-түлүккө эле кирип кетет экен. Бир жылча мурдараак эле эт 260-270 сом болчу, азыр эми 380-400 сом деген кымбат да».

Ооба, эттин түрүнө жана сапатына карата наркы да түрдүүчө. Жылкынын эти 320 сомдон 350 сомго чейин жана кой менен уйдун эти 350 сомдон 400 сомго чейин бааланууда. Бирок, айрымдар белгилешкендей кээде ушул эле «Ош» базарда нарк 420-470 сомго чейин көтөрүлгөн күндөр болду.

Соодагерлер мунун себебин бир эле нерсе - малдын жана эттин экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрүүдө. Сатуучулардын жообун да чогуусу менен берели.

Ишенбек Аданалиев, Бишкек шаарындагы эт сатуучу:

«Эттин кымбатташы азыр көбүнчө чет жакка кетип жатканы менен байланыштуу. «Өзбекстанга, Тажикстанга, Казакстанга аябай көп сатылууда» деп айтышты. Ошого бизге өзүбүзгө кымбат келүүдө. Маселен, мен уйдун этин 340 сомдон алдым. Чыгашаны, тиги-буну кошуп, 390 сомдон сатып жатабыз».

Майрам Турсуналиева, Бишкек шаарындагы эт сатуучу:

«Сыртка чыкса, биз, катардагы соодагерлер чыгарбайбыз. Депутаттар, чоңдор, ири ишкерлер сатып жатышат да. Натыйжада эт жок, тартыштык пайда болууда. Ошону тыйса эле эт арзаныраак болмок. Элге да убал болуп жатат, бирок айла жок. Биз да фермерлерден кымбат алып жатабыз».

Эрнис Мыктыбеков, Бишкек шаарындагы эт сатуучу:

«Мал тирүүлөй да, союлган абалда да жалаң коңшу өлкөлөргө кетип жаткан экен. Казакстан менен Өзбекстандын бийлиги пандемияда элге акча таратыптыр. Ошондон улам бизден малды көп алып жатышат деп уктук. Менимче ошону ташууда бажы төлөмүн бир аз көбөйтүп коюшса, тыйылат го дейм. Тыйылса кайра мал арзандайт, эттин наркы да түшмөк. Антпесек малдын башын азайтып алабыз. Эртеңки күнү керек болсо калбай калышы мүмкүн».

Бишкектеги мал базар.
Бишкектеги мал базар.

Кыргызстандын башка аймактарында да жагдай ушуга окшош. Ал тургай Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абал мындан да курч экени байкалат. Буга аталган аймактар Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш турганы себеп болуп жаткан сыяктуу.

Төлөн Баатырбек уулу, Ош шаарындагы эт сатуучу:

«Мусулман калкы этсиз жашай албайт да. Кымбат дейбиз, бирок баары бир жейбиз. Биз көбүнчө карапайым элге соода кылабыз. Аларга «400 сом» десең чочуйт. «Эмнеге мынча болуп кетти?» дейт. Түшүндүрсөң түшүнбөйт, эл элдигин кылат да. Мунун себеби катары биз Өзбекстан ачылып кеткенин белгилеп жатабыз. Алардан бизге чыкпайт, бирок бизден ал жакка мал аябай көп тартылып жатат».

Үмүтбек Жоробай уулу, Баткен облусундагы эт сатуучу:

«Мурда уйдун этин 350 сомдон сатчубуз. Азыр 370 сомго чыкты. Анткени азыр мал жок болуп жатат, болсо да бизге кымбатка түшүүдө. Менимче, бул жерде көбүнчө ортомчулар эле пайдасы көрүп жатат».

Уланбек Эргешов, Жалал-Абад облусундагы эт сатуучу:

«Маселен, былтыр 5,5-6 миң сомго сатып алган козу быйыл 10 миң сомдой болуп жатат. Ошого биз, Ала-Бука районунда кой союшубуз бир аз, кыйыныраак болуп жатат. Себеби өзүн актабай жатат, базардан алып сойсок өзүбүзгө 400 сомдон түшүп калып жатат. Малды эптеп союп жатабыз. Бодо мал былтыр 30 миң сом болсо, быйыл 37-40 миң сом болуп жатат. Биз тарапта Өзбекстанга мал өтө көп кетип жатканы ушуга алып келип жатат».

Улуттук статистика комитети азык-түлүктүн, анын ичинде эттин наркына күн сайын мониторинг жүргүзүп турат. Мекеменин маалыматында жазылгандай, быйыл сентябрда орточо баа - уйдун этине 368 сомду, койдун этине 355 сомду, жылкынын этине 327 сомду түзүүдө. Былтыр сентябрда орточо баа - уйдукуна 337 сом, койдукуна 310 сом, жылкыныкына 298 сом болчу.

Башкача айтканда, бул азыкка нарк бир жылда 30 сомдон 50 сомго чейин кошулган. Андан да бул расмий эсеп экенин эстеп коюңуз жана жогоруда айтылгандай, айрым базардагы баалар бир жылда 100-150 сомго чейин өскөнүн көрсөтүүдө.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров эттин баасына карата мекеменин позициясы менен бөлүштү:

«Бул азыктын үч түрү – уйдун, койдун жана чочконун эти өкмөт бекиткен социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет. Ошондуктан алардын чекене жүгүртүүдөгү наркына биз жума сайын көз салып турабыз. Чынын айтканда акыркы эки-үч жумада аймактарга, түрүнө карап эттин баасы 8-10% чейин көтөрүлдү. Себебин иликтеп көргөнүбүздө ошол эле - коңшу өлкөлөргө мал көп сатылып, базарда мал кымбаттап кеткени болуп чыкты. Атайын жобого ылайык, социалдык маанилүү товарлардын наркы эгер бир айдын ичинде 20% гана көбөйсө мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы колдонулат. Маселен, жакшы билесиңер, быйыл 13-марттан 13-июнга чейин азыктардын көп түрүнө ушундай мамлекеттик көзөмөл киргизип, бааны кармаганбыз. Ошондуктан кескин кымбаттап кетсе, биз бул боюнча Экономика министрлигине жана өкмөткө сунуш киргизебиз. Азыр касаптарга мобу «баада сатасыңар» деп деп талап коюшубузга мыйзам азыр жол бербейт».

Экспорттун санагы

Ошентип, кепти кайда бурба, эттин кымбаттап жатканы малдын экспорту көбөйгөнүнө барып такалды. Чын эле экспорт арбый түштүбү? Мындай суроо менен биз Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги баштаган бир катар мамлекеттик органдарга кайрылдык. Көбү жоопсуз калтырса, айрымдары сегиз-тогуз айдын эсебин чыгара элек экени белгилүү болду.

Улуттук статистика комитети гана жылдын алгачкы жарымындагы санак боюнча толук маалымат берди.

Комитеттин басма сөз катчысы Асел Акматалиева алгач жылкынын тирүүлөй экспорту тууралуу маалымат берип, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырды:

«Мал-жандыктардын экспортун талдаганда статистикада бөлүнүп каралат. Анын биринчи тобун (жылкы, эшек, качыр) алалы. Демек, 2019-жылдын алты айында бул топтон 5 470 баш экспорттолуп, акчалай көрсөткүчү 78,6 млн. сом болгон. 2020-жылдын алты айында 3499 баш жөнөтүлсө, алар жалпысынан 146,6 млн. сомго бааланган. Негизинен жылкы Казакстанга сатылса, эшек Кытайга кеткен. Быйылкы жылда малдын бул түрүнүн экспорту 1,9 эсе арбыган».

Жөнөкөй сөз менен айтканда, сыртка сатууда ай туяктуулардын саны азайган, бирок наркы көтөрүлгөн. Ал эми ача туяктуу жандыктардын саны да, суммасы да арбыган.

«Бодо малдын экспортуна токтолсок, 2019-жылдын 6 айында 11,4 млн. сомго 295 баш экспорттолгон. 2020-жылдын алты айында 2 933 баш экспорттолуп, акчалай алганда 160 млн. сомду түздү. Ошондо быйылкы жылдын алгачкы жарымындагы өсүш 14,1 эсеге барабар болуп жатат. Бодо мал негизинен Тажикстан менен Өзбекстанга сатылды. Кой-эчкини ала турган болсок, өткөн жылдын алты айында 26 млн. сомго 3 255 баш сыртка сатылган. 2020-жылдын 6 айында 101,2 млн. сомго 11 531 баш экспорттолгон. Ошондо майда жандыктарды сатуу быйыл 3,9 эсе өстү», - деди Улуттук статистика комитетинин өкүлү Асел Акматалиева.

Береги сандар расмий эсеп болду жана ушунун өзүндө да өсүш көп экенин аңдагандай болдук. Башка сөз - жер-жерлерде чыныгы көрсөткүчтөр мындан да көп экенин айткандар чыкты. Малдын Казакстанга санаксыз киргени тууралуу маалыматтар азыраак, бирок Өзбекстанга жана Тажикстанга жүк ташуучу автоунааларда же короосу менен айдалып кетип жатканы кабарланууда.

Бул жөнүндө бизге атын атоодон баш тарткан жалалабаддык ишкер да кеп салды:

«Өзбекстандан алуучулар өздөрү киришет же бул жактан биздин алып-сатарлар жардам беришет. Коңшу өлкөдөн келгендердин кээ бирлери 30-40 баш мал алат, айрымдары 100дү чогуусу менен сатып алат. Анан чогултуп жайыт аркылуу чек арадан айдап кирип кетишет. Кааласа миңди деле айдап киришет. Ала-Бука, Аксы, Чаткал, Өзгөн, нары жагы Ошко чейин эле тоолуу жерлердеги чек аралар ачык эле да. Жайыттар коңшу да, кадимкидей кайтарып жүрүп эле айдап кирип кетишет. Ал жакка ким барып текшермек эле, же кой-уйда паспорт жок болсо? Болсо деле өзбекстандыктар өздөрү «бул менин малым, жайып жүрөм» деп коюшат. Өздөрүнүн чек арачылары коё беришет, ошону менен кирип кетишет. Себеби ошол жерлерде Өзбекстандын деле койлору жайылат, анан аны «Бул Өзбекстандын, бул Кыргызстандын кою» деп карап олтурмак беле?».

Ушул жерден «Эмне үчүн негизинен Өзбекстанга жана Тажикстанга мал көбүрөөк сатылып жатат?» деген суроо эрксизден жаралат. Коңшуларда эмнеге муктаждык кескин күчөп кетти? Коронавирус пандемиясы учурунда калкы этти көп жей баштадыбы же башка себептер барбы?

Буга биринчи жоопту кайра Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Шухрат Сабиров берди:

Шухрат Сабиров.
Шухрат Сабиров.

«Тажикстан менен Өзбекстанда уйдун эти биздин валютага чакканда 450-460 сомго барабар экен. Койдун эти болсо 500 сомго тең болуп жатат. Ушундан улам аларда суроо-талап көп экен. Ошон үчүн бизден аларга экспорт жанданганы байкалды. Биздин чарбакерлер малды союп эмес, көбүнчө тирүү алып барганга аракет кылышууда. Биз бул жерден жаңы рынок ачтык, жаңы кардарларды таптык».

Жогорудагы суроолорго экинчи жоопту айыл чарба боюнча адис Бакыт Мамытканов берип, ал мындайча тактоо киргизди:

«Эмне үчүн бизден этти көп алып кетип жатышат? Себеби былтыр Казакстандын Айыл чарба министрлиги тирүү малды чыгарууга тыюу салып койду. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстан малдын басымдуу бөлүгүн Казакстандан алчу. Башкача айтканда казактардын койгон чектөөсү бизге пайда берди жана берки эки коңшуга малыбызды көбүрөөк сата баштадык».

Эгер малдын союлгандан кийинки экспортун өзүнчө алсак, эттин айрым түрлөрү кескин көбөйүп, башкалары кайра өтө артка кеткени байкалат.

Маселен, 2019-жылдын алты айында уй эти 102 миң сомго 0,3 тонна экспорттолсо (Бириккен Араб Эмираттарына), 2020-жылдын алты айында – 12 млн. сомго 85 миң тонна экспорттолду (Индияга).

Былтыр алты айда кой эти 558 тонна 221,8 млн сомго экспорттолсо (Иранга), быйылкы жылдын алты айында 43,9 тонна 12,4 млн. сомго бааланып, сыртка чыкты (Кувейтке).

Өткөн жылдын алгачкы алты айында үй канаттууларынын эти такыр экспортко чыкпаса, 2020-жылдын алты айында 88,5 миң сомго 1,1 тонна Казакстанга сатылды.

Экспорт да, эттин наркы да өсөт

Кеп болуп жаткан тармактагы адистер тирүүлөй малдын жана эттин экспорту кокустук тоскоолдуктарга эле кабылбаса, мындан ары жалаң өсөрүн белгилешет. Натыйжада мал да, эт да кымбаттап жүрүп отурат.

Балким бийликтин көзөмөлү менен нарк аз-аздан өсөр, бирок жылдык же бир нече жылдык жыйынтыкта азыркыдан кыйла көтөрүлүп калганы байкалмакчы. Адистер мунун себебин дүйнөлүк рыноктун шарты менен чечмелешет. Башкача айтканда, эттин наркы өзүнүн экономикадагы реалдуу баасына теңелиши күтүлөт. Ал эми башка өлкөлөрдө анын наркы жогору.

Сөздү кайрадан эксперт Бакыт Мамыткановго узаталы.

Бакыт Мамытканов.
Бакыт Мамытканов.

«Бул жакшы көрүнүш. Анткени эттин кымбатташы биздин фермерлерге стимул берет. Дүйнө жүзүндө эл этти барктайт, а биз барктаганды үйрөнө элек болчубуз. Мына, чечмелеп көрөлү. Маселен, доллар беш-он жыл мурда 45-50 сом турчу, эт ошондо деле 330 сом болчу. 44-45 сомдон чакканда бул 7,5 доллар. Азыр болсо доллар 79-80 сом, ал эми эт 370-400 сом. Бул эттин килограммы учурда 4,5-5 эле доллар деген сөз. Керек болсо, салыштырмалуу азыр эт арзан болуп калып жатпайбы? Азыркы мезгилде эт Түркияда 13 доллар, Кытайда 15 доллар. Ушундай жагдайда бизде кымбаттабашы мүмкүн эмес. Биз экспортко чыгара албаганыбыз үчүн гана наркы көтөрүлбөй келген. Макул, «эт кымбаттап жатат» деп чуу кылып жатышат, бирок сиз айтыңызчы, азыр эмне кымбаттабай жатат? Адатта доллар, башка товарлар да кымбаттаганда эт кымбаттаганы мыйзам ченемдүү көрүнүш», - деди ал.

Адис ошондой эле муну мүшкүл катары эмес, жаңы мүмкүнчүлүк катары кароону сунуш кылып, чарбаны өнүктүрүүгө көңүл бурду:

«Сооданын бир мыйзамы бар: эмне өтүп жатса, ошол товарды өндүрүүгө басым жасаш керек. Эт өтүп жатабы, демек малды жакшылап багып, көбөйтүшүбүз кажет. Кытай иероглифинде «көйгөй» деген сөз менен «мүмкүнчүлүк» деген сөз бир эле иероглифте берилет. Азыркы көйгөй бизге мүмкүнчүлүк жаратып жатат. Ошондуктан «биздин мал кетип калды, эл эт жей албай калды» деген туура эмес түшүнүк. Өкмөт ушул жерден мал баккандарга насыяларды берип, малдын асыл тукумдуулугун арттырам дегендерди дароо колго алышы зарыл. Биз коңшу мамлекеттер бизден дайым эт ала тургандай эт өндүрүүчү хабга айланышыбыз керек. Мисалы, 5 млн. калкы бар, эки млн. гектар жайыты бар Ирландияда 7 миллион бодо мал бар. Башка малын айтпай эле коеюн, ошолор дүйнөнү эт менен камсыз кылат. Бизде, Кыргызстанда жайыт Ирланиядан 4,5 эсе көп, малыбыз болсо алардан 4,5 эсе аз. Бул 7 млн. баш малды биздин жайыттар көтөрө алат деген сөз. Биз мал чарбачылыгын эле өнүктүрүп алсак, ички дүң өнүмүбүздү өстүрө алабыз, кирешебиз артат, канча деген жумуш орундарын камсыздамакпыз».

Маектешибиз бул багытта даяр долбоорлор бар экенин, ал боюнча Айыл чарба министрлигине, өкмөткө жана президентке да сунуш берип келе жатканын, бирок жооп жок экенин ортого салды. Ал муну үчүн биринчи кезекте асыл тукумдуулукту арттырып, сапаттуу жем менен камсыздоону жолго коюу керек дейт.

Жем демекчи, чабандар менен фермерлер жем менен чөп жылдан жылга кымбаттап келатканын айтып жүрүшөт. Ошондон улам да алар эттин кымбаттоосун туура кабыл алышууда. Алар эттин наркы көтөрүлсө, мал да өзүн актамак деп ишенишет.

Фермер Абдибали Жусуповдун сөзүнө орун берели.

Кыргызстандагы чөп ташуу.
Кыргызстандагы чөп ташуу.

«Чөп канча болуп жатат? - деп суроо койду ал. - Маселен, биз жакта бир таңгак чөп жайда 150 сомдон башталып, кышта 200 сомго чыкчу. Быйыл болсо азыр эле 250 сомго чыкты. Керек болсо саман таба албай калып атасың. 20 сомго жем таба албайсың. Бир койду чабан 170 сомдон багат. Мындан башка малды карайсың жана башка чыгымдар бар. Ошондой чыгаша болуп жатканда мал кымбаттап, эт кымбаттаганы туура эле болуп жатпайбы. Негизи сыртка экспорттолбой эле мал кымбаттабай келген, быйыл Өзбекстанга сатылып, кичине кыймылдап калды. Кете берсин, сатылсын, натыйжада сырттан акча келет. Өзү бизде мал ансыз да көбөйгөн болчу, анан аны экспорттобогондо эмне кылабыз? Ошого эттин кымбаттаганы мал-жандуу элге кайра жакшы эмеспи. Кымбат дегендер өздөрү мал кармап, багып көрсүн, канча чөп кетет, канча чөп кетет, ошондо көрөт».

Деген менен чарба өнүгүп, мал менен эттин экспорту жолго коюлгуча дагы канча бар, ким билет? Азыр реалдуулук башка. Доллар кымбаттап жаткан менен сомдо берилген айлык ошол эле абалда, жумушсуздар көп. Өзгөчө быйыл коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда кирешесиз калгандар, ишсиздер жана жакырлар андан да арбыганын эл аралык жана жергиликтүү уюмдар белгилеп жатышат.

Адистердин башка тобу мындай шартта эт дагы кымбаттай берсе аны эл көтөрө албай турганын, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратарын эскертишет. Экономист Эрлан Камаловду угалы.

Эрлан Камалов.
Эрлан Камалов.

«Коронавивирус пандемиясына байланыштуу азыркы учурда азык-түлүк товарларынын көп түрлөрү кымбаттап жатат, - дейт ал. - Бул бир чети көп чарбалардын жабыктыгы, тоскоолдуктарга кабылганы менен да байланышкан убактылуу жагдай болушу мүмкүн. Менимче бул ажиотаж, дүрбөлөң пандемия бүтсө бир калыпка келет. Ошол эле кезде малдын кымбаттаганынан дыйкандар көп деле пайда тапкан жок, муну көбүнчө ортомчулар көтөрүштү окшойт. Кантсе да мында жалпы элдин социалдык-экономикалык абалын эске алып, эт өнүмүнө болгон бааны мамлекет жөнгө салып, көзөмөлдөп турушу керек. Анткени эт негизги сегиз азыктын бири болуп саналат жана анын кескин кымбатташы элдин материалдык абалына түздөн-түз таасир этет».

Малдын жана тооктун этин жалпы алганда (союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмагында) Кыргызстанда 2018-жылы 403 миң тонна, 2019-жылы 413 миң тонна болуп өндүрүлгөн. 2020-жылдын сегиз айында бул көрсөткүч 252 миң тоннаны түздү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG