Кара өрүктүн мекени болгон Аксы районунда жемишти кургатуу иштери эми башталды. Райондо гектарлап кара өрүктү тиккен багбандар көп.
Жергиликтүү тургун Султанбек Токтобаев он жыл мурда бир гектар жерге кара өрүк тиккен. Түшүмдүн үзүрүн көрө баштагына беш жыл болду. Багбан эки жыл мурда 15 тонна кайналы сатса, быйыл 12 тонна сатыкка чыгарганы турат. Учурда Султанбектин багында 50дөн ашуун жумушчу иштеп жатат.
“Бул бак менин үй-бүлөлүк кирешем. Он жыл мурда бул жерди сатып алып, айылдаштардын үйлөрүнөн көчөт алып келип отургузган элем. Учурда менин кайналымды 50 адам терип, күнүнө кызмат акысына 400 сомдон берип жатам.”
Ал эми Искендер Шатмановдун цехинде быйыл кара өрүк биринчи жолу кургатылууда. Ишкер бул жолу бир тоннадай кайналыны кургатуу үчүн аппаратка салды. Цехке келген кара өрүк алгач тазаланып, андан соң атайын тор мүшөккө эки кабаттан салынып, цехтин ичине кургатууга киргизилет.
Эки күндө жети тоннадан ашуун кара өрүк кургатылат. Ишкердин айтымында, эң башкысы кургатуу учурунда электр энергиясы сааттап өчүрүлбөшү керек. Жарык өчсө, мээнет күйүп, продукция жараксыз болуп калат.
“Бул тор баштыктарга салынгандан кийин кайналы цехке кирет. Ар бир цехке 1 тонна 200 кило кайналы батат. Цехтерден кургап чыккандан кийин бул жакка төгөбүз. Мында бир сыйра тазаланат. Андан соң үч күн жаябыз. Мындай кылбасак жакшы болбой калат. Эгер бизге таңгактоочу цех курулса, жеринде дароо таңгактап, анан чет жакка сатсак баасы жакшы болот эле.”
Аксылык ишкерлерди кара өрүккө болгон баанын туруксуздугу ойлонтуп келет. Көп учурда тонналап кара өрүктү кургатып алышып, жакшы баада ала турган аларман таппай калышат. Эгер өткөн жылдагыдай баа 10 сомдон болсо жергиликтүүлөрдүн мээнетти акталбайт.
Бирок Аксы райондук айыл чарба башкармалыгынын башчысы Таалай Саматов өткөн жылга караганда быйыл кайналы кактын баасы бир аз жогорулаганын билдирди. Бааны көтөрүүгө жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүгү жетпей турганын айтып, маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну өтүндү.
“Атайын таңгактоочу цех куруу аракеттерин көп жылдан бери көрүп келебиз. Бирок жакшы инвестор чыкпай жатат. Быйыл да чет жактан инвестор издеп жатабыз. Эгер пландар ишке ашып калса, ишкерлер үчүн жакшы болмок. Кара өрүктү ушул жерден таңгактап, сыртка жогорку баада экспорттой алмакпыз”.
Райондо кара өрүктү кургаткандар ар бир үчүнчү үйдөн кездешет. Кара өрүк аксылыктардын көбү үчүн үй-бүлөлүк киреше булагына айланган. Аймакта жылына 15 миң тоннадан ашык кара өрүк бышат.
Эл анын 30 пайызын гана кургатууга үлгүрөт. Эң көп кургаткандар 30 тоннага жеткирет. Жергиликтүү эл кайналыны кургатып сатуу кирешелүү экенин айтып келишет.
Себеби, бактан жаңы терилген кайналыдан көрө кактын баасы жогору. Учурда шактан жаңы терилип жаткан кайналынын бир килограммы 10-20 сомдон сатылууда.