Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

«Ак-Кула» ат майданы толугу менен Бишкек мэриясына өттү


«Ак-Кула» ат майданы.
«Ак-Кула» ат майданы.

Бишкек мэриясы тараткан маалыматка ылайык, шаар бийлиги «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен ипподромдун жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздү.

Анын жыйынтыгында кыймылсыз мүлккө мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат.

«Ак-Кулага» караштуу жерлер 1996-2005-жылдарда менчикке сатылып кеткен. Бул ишти Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы 2011-жылы иликтей баштап, «жер мыйзамсыз сатылган» деген негизде аны мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган. Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин райондук жана шаардык сот прокуратуранын доосун канааттандырган.

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Аянты 57,4 гектар, 3000 орундуу. Шаардык бийлик ат майдандын 54,94 гектар жери шаардын балансына кайтарылганын, калган жер тилкелери боюнча соттук иликтөөлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ипподромдо улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG