Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Беларуc: «PandaDoc» компаниясынын жетекчилери эки айга камалды


«PandaDoc» компаниясынын логотиби.
«PandaDoc» компаниясынын логотиби.

«PandaDoc» компаниясынын төрт кызматкери өтө чоң өлчөмдөгү уурулук кылган деген шек менен эки айга камалды. Башкы эсепчи Юлия Шардыко, директор Дмитрий Рабцевич, продукт боюнча директор Виктор Кувшинов жана HR-менежер Владислав Михолап кармалганын tut.by сайты кабарлады.

Аталган компания жетекчилерге коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Ишкана алардын камакка алынышын компаниянын негиздөөчүсүнүн демилгеси үчүн өч алуу аракети катары баалады.

Маалыматка караганда, кармалгандар кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен бюджеттен 107 миңдей беларус рублин кымырып алган, мамлекетке зыян келтирген деп айыпталууда. «PandaDoc» компаниясы мыйзам чегинде иштеп келгенин, акыркы окуялардан улам Беларустагы өкүлчүлүктү жабууга туура келерин жарыялады. Бул жагдай көп маяна берилген жумуш орундарынын жоголушуна алып келерин эскертти.

«PandaDoc» компаниясынын баш кеңсеси АКШда жайгашкан. Компания электрондук документ жүгүртүш үчүн софт иштеп чыгат жана Беларустагы Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп эсептелет. Стартап 2011-жылы негизделип, $30 миллион доллардан ашык инвестиция тартылган.

XS
SM
MD
LG