Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

AI: Дүйнөдө жети миңдей медик коронавирустан көз жумду


Румыниянын баш калаасы Бухаресттеги оорукана. 4-апрель, 2020-жыл.
Румыниянын баш калаасы Бухаресттеги оорукана. 4-апрель, 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө коронавирус пандемиясы башталгандан бери кеминде жети миң медицина кызматкери COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан «Amnesty International» укук коргоо уюму (AI) 3-сентябрда билдирди.

Уюмдун эсебине ылайык, коронавирустан кайтыш болгон медиктердин саны боюнча Мексика дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө 1300дөн ашуун медицина кызматкери коронавирустун айынан көз жумган. Мексикадан кийинки орундарда АКШ (1077), Улуу Британия (649), Бразилия (634), Орусия (631), Индия (573), Түштүк Африка (240) жана Иран (164) турат. Уюмдун баяндамасында Кыргызстанда 70тен ашуун медицина кызматкери коронавирустан көз жумганы белгиленген.

«Amnesty International» медиктердин арасындагы өлүм-житимге жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирди.

«Ар бир медицина кызматкери жумушта коопсуз болууга укугу бар жана ушунча көп адамдын каза болуп жатканы - чуулгандуу жагдай», - деди эл аралык уюмдун өкүлү Стив Кокбөрн.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен коронавирус инфекциясына чалдыкканы ырасталгандар 26 миллион 310 миң кишиден ашты. Алардын 868 миңден ашууну көз жумду.

XS
SM
MD
LG