Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Макрон: Орусиянын Беларустун ички ишине кийлигишкени эң начар вариант


Макрон менен Путин. Франция. 2019-жыл.
Макрон менен Путин. Франция. 2019-жыл.

Орусиянын Беларустун ички ишине кийлигишкени - эң начар вариант экенин Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-августта Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларустагы кырдаалдын курчушуна жараша "аскер кызматкерлеринин ичинен "резерв" даярдоо" тууралуу сөзүнөн кийин айтты.

Макрон Украинадагы 2014-жылдагы окуялардын кайталанышынын өзү да, немис канцлери Ангела Меркел да каалабасын эскертти. Француз лидери Путин тескерисинче Беларустун лидерин ЕККУнун арачылык кылышына макул болууга үндөшү керек деп эсептейт.

Владимир Путин кошуна мамлекетке аскер киргизери тууралуу так айткан эмес, бирок анын күч кызматтарынан атайын "резерв" камдоо тууралуу сөзү Евробиримдиктин мүчөлөрүн кабатыр кылды.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Путин "резервин" колдонбосуна үмүт арта турганын билдирди. Ал эми Евробиримдиктин тышкы иштер министри Жозеф Боррель расмий Москва Беларустагы кырдаалга кийлигишүү дымагын мурдатан эле кайталап келе жатканын белгилеп, "Менимче, бул Орусиянын аракетине байланыштуу" деп айтты.

Орусия менен Беларус Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун мүчөлөрү. Уюмдун уставына ылайык, сырттан коркунуч болгон учурда мүчөлөр бири-бирине көмөктөшүүгө тийиш. Беларустун лидери Александр Лукашенко 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, тынымсыз уланып жаткан митингдер үчүн батыштагы коңшуларын айыптоодо.

Жума күнү Лукашенко өлкөгө батыштан коркунуч токтобосо, куралдуу колдоо көрсөтүү тууралуу Путин менен келишкенин маалымдаган.

Ошол эле учурда Беларустун батыш тарабынан коңшулары Польша менен Литва эч кандай агрессиялык максаты жоктугун билдиришти.

XS
SM
MD
LG