Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

УКМК: ИИМдин кызматкерлери далил буюм болгон алтындын уурдалышы үчүн шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери далил буюмдардын уурдалышы үчүн шектүү катары кармалганын маалымдады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү сотко чейинки териштирүүгө алынган ишке байланыштуу баңгизат жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. УКМКнын маалыматына ылайык, ИИМдин кызматкерлери тинтүү учурунда табылган үч килограммдан ашык алтынды уурдап алышкан.

Учурда бул факт Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 200-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды.

22-августта кылмышка шектүү катары үч кызматкер кармалып, кеңселерин тинтүү учурунда сакталган баңгизат табылган. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG