Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

“Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”


“Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:23 0:00

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт.


Подкаст жана автор тууралуу:

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст Элмурат Аширалиевдин “Киши” аттуу подкастынын 2-сезону болуп эсептелет. Бул подкаст Европа Биримдигинин колдоосу менен “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалган. Андагы айтылган ой-пикирлер Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.

Башмыйзам жарандардын дин тутуу жана ишеним эркиндигине кепилдик берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча каттоодон өткөн диний объекттердин саны үч миңден ашат. Ал эми жалпылап келгенде алардын баары биригип, жыйырмадай ар кайсы диний багытка таандык.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк пайда болду. Өлкөдө ар кайсы динди тутунгандар болсун же эч кайсы динге ишенбеген жарандар болсун бири-бири менен таанышып, пикир алыша турган аянтча (өзгөчө кыргыз тилинде) жокко эсе. Адистер коомдогу стереотиптердин калыптануусунун себептеринин бирине маалыматтын жетишсиздигин кошушат. Ушул сыяктуу себептерден улам көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиев ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар менен жолугуп, алар жөнүндө подкаст даярдаган. “Биз бири-бирибиз жөнүндө канчалык көп маалымат алган сайын, бири-бирибизди ошончолук жакшы тааный баштайбыз. Натыйжада коомдо калыптанып калган терс көз караштар өзүнөн-өзү жоголот”, – деп эсептейт ал. Азыркы күндө Элмурат Борбор Азиядагы мамлекет-дин мамилелерин изилдейт.


XS
SM
MD
LG