Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:44

Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Жогорку сотко кайрылышат


Сапар Исаков музей жана ипподром иши боюнча сотто. 2019-жыл.
Сапар Исаков музей жана ипподром иши боюнча сотто. 2019-жыл.

Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотунун 20-августтагы чечимине каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылышат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Исаковдун адвокаттарынын бири Бакытбек Автандил уулу билдирди:

«Биз бул чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Анткени, Биринчи май райондук сотунда бул иш каралып жатканда абдан көп мыйзам бузуу учурлары болгон. Мунун негизинде шаардык сот биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарганга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Сапар Исаковдун күнөөсү далилденген жок. Сот аны эки чарба жүргүзүүчү субъектинин ортосундагы келишимди кыргыз сому менен эмес, евро валютасы менен түзгөн деп айыптап жатат. Бул акылга сыйбай турган нерсе. Дегеле Исаковго козголгон иштер саясий буйрук деп белгилегим келет. Биз Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө каршы кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылабыз».

Бишкек шаардык соту 20-августта Улуттук тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча апелляциялык арызды аралыктан карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жатат. Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан.

Музей иши боюнча Исаков менен кошо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева да соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келе жаткан Сапар Исаков менен Мира Карыбаеванын адвокаттары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышкан. (NT/MiK)

XS
SM
MD
LG