Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Минскиде кармалган «Дождь» телеканалынын журналисттери бошотулду


Беларустагы каршылык акцияларынын катышуучуларын кууп таркатыш үчүн ОМОН жаш агызчу газ, кулак тундурган гранаталарды колдонуп, суу бүрктү. Минск. 9-август, 2020-жыл.
Беларустагы каршылык акцияларынын катышуучуларын кууп таркатыш үчүн ОМОН жаш агызчу газ, кулак тундурган гранаталарды колдонуп, суу бүрктү. Минск. 9-август, 2020-жыл.

«Дождь» телеканалынын журналисттери Владимир Роменский, Василий Полонский жана телеоператор Николай Антипов 9-август күнү Минскиде кармалган. Кийинчерээк кайра коё берилгенин телеканалдын башкы редактору Тихон Дзядко маалымдады. Анын айтымында, журналисттер Смоленскиге жиберилет.

Минскиде Орусиянын RT телеканалынын журналисттери жана «Белсат» телеканалынын Польшадагы өкүлү кармалганы кабарланды.

Беларустагы президенттик шайлоо күнү Интернет өчүп, көпчүлүк беларус сайттары жана маалымат каражаттарынын электрондук баракчалары ачылбай калды.

Бул жолку шайлоо мурдагылардан кескин айырмаланып, оппозициялык маанай күч алган, калайман каршылык акциялары көбөйгөн шартта өттү. Шайлоодогу мыйзамсыздыкка нааразы болуп, миңдеген адамдар Минскинин көчөлөрүнө чыгышты. Аларга карата ОМОН күч колдонуп, таратууга аракет кылды.

Жергиликтүү убакыт боюнча 22:55те «Азаттыктын» беларус кызматы жүздөгөн адам борборго чогулганын, шаар борборунун ири бөлүгү блоктолгонун, ОМОН көздөн жаш агызчу граната колдонуп, демонстранттарды аёосуз уруп жатканын маалымдады. Ондогон адамдар, алардын арасында жөн гана өтүп бараткандар кармалганы, адамдар «Ишен! Колдон келет! Жеңели!» деп кыйкырып жатышканы кабарланды.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды - Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди каттаган. Белгилүү видеоблогер Сергей Тихановский камакка алынгандан кийин шайлоого анын ордуна аялы Светлана Тихановская аттанган жана мурдагы үй кожойкеси азыр Александр Лукашенконун башкы саясий атаандашына айланды. Анын штабы менен өткөн айда расмий каттоодон өтпөй калган Виктор Бабарико менен Валерий Цепкалонун штабдары бириккен.

Мамлекетти 25 жылдан ашуун башкарып, дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөп жаткан Александр Лукашенко үгүт иштерин расмий өткөргөн жок. Акыркы апталарда ал негизинен аскер бөлүктөрүн, күч түзүмдөрүн кыдырды. Лукашенко демонстранттарды суу бүркүп кууп таратуу боюнча машыгууну көрдү жана «армияда кызмат өтөгөн гана адам президент боло алат» деп айтты.

XS
SM
MD
LG