Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

COVID-19: Президент каза болгон алты дарыгердин жакындарына көңүл айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков.
Президент Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда ооруну жумуш учурунда жугузуп алып көз жумган алты адистин аты аталды. Алар:

- Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;

- Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;

- Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;

- Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын ыкчам терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;

- Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;

- Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фелдшери Валерий Гауп.

Жээнбеков илдетке каршы күрөштө алдыңкы сапта жүрүп көз жумган медицина кызматкерлери пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алышканын, анын кесепеттерин жоюш үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенишкенин белгиледи.

Президент «бүгүн мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат» деп кошумчалап, Кыргызстан эли акыркы күндөрүнө чейин берген антына бекем турган дарыгерлердин ысымын ар дайым эстеп жүрөрүн айтты.

4-майда президент Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын, 1-июлда Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекованын, 16-июлда Бишкекте күндүзгү стационарда каза болгон ыктыярчы студент кыз Адинай Мырзабекованын жакындарына көңүл айткан.

Саламаттык сактоо министрлигинин 30-июлдагы маалыматына караганда, коронавирустан 73 медицина кызматкери каза болду.

Жалпысынан эпидемия башталгандан бери бул илдет 2874 медкызматкерге жукту, алардын 1934ү айыкты.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG