Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:16

Баткенде 90 орундуу оорукана салына баштады


Бишкектеги курулушу башталган оорукана. 25-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги курулушу башталган оорукана. 25-июль, 2020-жыл.

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 4-августтагы онлайн брифингде билдиргендей, жаңы бейтапкананын курулушу үчүн мамлекет 12 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.

«Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштырылат. Учурда жумуш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат», - деди Алишер Абдрахманов.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын катуу сынга алып жатышат.

Июлдун этегинде бийлик Бишкекте 100 орундуу, Нарында 70 орундуу бейтапкана курула баштаганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG