Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

Боронов «Торугарт» бекетин ачуу боюнча ишти тездетүүгө чакырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда коронавирустун жапырт жугуу коркунучун жаратпай турган экономиканын айрым тармактарынын ишин жандандыруу зарыл болорун, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу маанилүү экенин премьер-министр Кубатбек Боронов 4-августта 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, жүктөрдүн 65% «Торугарт» аркылуу өтөт.

«Товарларды импорттоо-экспорттоонун алгоритмин бекитүү боюнча Кытай тарап менен иштерди тездетүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Премьердин маалыматына караганда, учурда салык жана бажы кызматтарында резервдерди мобилизациялоо, жыйымдарды чогултуунун көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүк бар. COVID-19 пандемиясынан улам ага белгилүү бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө туура келди.

«Былтыркы жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча буга чейин кабыл алынган пландан артта калып жатабыз. Ошол эле учурда июль айынан бери бюджетти аткаруунун көрсөткүчүнүн динамикасы жакшырып жатат. Учурдагы жоготууларды жабуу жана кийинки жылдын бюджетин түзүш үчүн иштерди күчөтүү зарыл».

Боронов товарларды жана күйүүчү, майлоочу майды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу керек экенин, антпесе бул көрүнүш бюджеттин киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизерин белгиледи.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда автомобилдик эки өткөрмө бекети бар. Алар - Ош облусундагы «Эркечтам» жана Нарын облусундагы «Торугарт» бекеттери. Экөө тең коронавирус пандемиясына байланыштуу январь айында жабылган. «Эркечтам» Кыргызстандын өтүнүчү менен 15-апрелден тартып ишин уланткан.

Кыргызстан менен Кытай «Торугарт» бекетинин ишин жандандыруу маселесин июндун башында талкуулаган. Онлайн өткөн жыйында кыргыз тарап жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын ПЧР-тесттерди тапшыруусу каралган алгоритмди сунуш кылды. Кытайдын тиешелүү органдары алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, өз шарттарынын тизмесин жөнөтөрүн билдирди.

Кыргызстанда коронавирус күчөп кеткендиктен тараптар кандай чечимге келгени маалымдалган эмес.

XS
SM
MD
LG