Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Шайлоо-2020: Рим жана Париж шаарында шайлоо участкалары ачылат


Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кыргызстандан сырткары мамлекеттерде шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, Италиянын Рим жана Франциянын Париж шаарында парламент депутаттарын шайлоого добушканалар ачылат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата чет мамлекеттерде 42 добуш берүү участогун бекиткен. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо участоктору Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелерде жайгаштырылат.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG