Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Түркмөнстанда эл дезинфекциялоодон чочулап жатат


Ашхабад. 13-июль, 2020-жыл.
Ашхабад. 13-июль, 2020-жыл.

Түркмөнстанда көчөлөргө дезинфекциялык каражаттар чачылып жатат. Мамлекеттик маалымат каражаттары бул чара коронавирус пандемиясы учурунда инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн көрүлүп жатканын жазып чыкты. Атап айтканда, жеңил учактар хлор же натрийдин гипохлорит аралашмасын чачып жатышат.

Ал эми "Азаттыктын" түркмөн кызматынын маалымдаганына караганда, ал “жагымсыз жыттанган” заттар ден соолукка, жаныбарларга, айдоо талааларына зыяндуу болушу мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда. Кабарчылар сөзгө тарткан жергиликтүү адистер дезинфекциялоочу каражаттар көп дозада чачылганын белгилешти.

Расмий Ашхабад өлкөдө COVID-19 илдетинин учурлары жок деп кайталап келатканы менен ооруканалар коронавируска чалдыккан деп шектелген бейтаптарга толуп калганы, көз жумгандар бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Бийлик ошол эле маалда санитардык чараларды көрүүдө. Элди беткап тагынууга милдеттендирип, бирок муну “чаңдан” коргонуу керектиги менен түшүндүрдү. Эки жакка каттоо чектелди, базар, чоң соода борборлору жабылды.

XS
SM
MD
LG