Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:33

Кыргызстандык «Атамандын» ишенимдүү жеңиши


Рафаэл Физиев менен Марк Диакиези беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.
Рафаэл Физиев менен Марк Диакиези беттеш учурунда. Абу-Даби шаары. 19-июль, 2020-жыл.

Кыргызстандык мушкер Рафаэл Физиев UFC уюмунда экинчи жолу жеңишке жетти. «UFC Fight Island 2» деген аталыштагы мелдеш 19-июлда Абу-Даби шаарында өтүп, Физиев 70 килограммга чейинки салмакта британиялык мушкер Марк Диакиезини жеңди.

Бул эки мушкердин таймашы мелдештин «мыкты беттеши» деп табылып, бул үчүн кыргызстандык мушкер 50 миң доллар кошумча сый акы алды.

Беттештен соң спортчу алып баруучунун суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан оор мезгилди баштан өткөрүп жатканын айтты.

«Учурда Кыргызстаным оор абалда турат. Биз мунун баарын чогуу жеңебиз. Бүгүн биз сиздер үчүн жеңишти камсыздай алдык», - деди Рафаэл Физиев.

«UFCнын Fight Island 2» мелдешинин алкагында жалпысынан 12 беттеш өттү. Мелдештин алдында букмекерлер Физиевге караганда Марк Диакиездин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогору баалашкан эле.

«Беттеш биз күткөндөй болду. Жеңиш менен аяктаарын билгенбиз. Мыкты даярдыкта келген элем. Мен соккуларымды атаандашымдын ичине узатып жаттым. Анын териси сыйрылып кетти. Ошого карабай бекем турду. Атаандашым чыдамкайлыгы менен мени таң калтырды», - деди беттештен кийин Физиев.

Рафаэл Физиев 2019-жылдан бери UFC уюмунда мелдештерге катышып келатат. Буга чейин аталган уюмда эки жолу беттеш өткөрүп, алгач ирет орусиялык Магомед Мустафаевге жеңилсе, экинчи беттешинде америкалык Алекс Уайтты жеңген.

Спорт журналисти Адилет Темирланов Физиевдин Марк Диакиези менен беттеши мушкер үчүн чоң сыноо болгонун айтты.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

«Физиевдин UFCдеги мындан аркы карьерасы мелдештин уюштуруучуларынан көз каранды. Анткени буга чейинки эки беттеши тең рейтингдеги орточо деңгээлдеги мушкерлер менен болгон. Марк Диакиези менен болгон беттеш Физиев үчүн жакшы көрсөткүч. Себеби Диакиези күчтүү мушкерлердин бири. Физиев рейтингде топ 15ке кирген мушкерлер менен да күч сынашып, эки-үч беттеште жеңишке жетиши керек. Ошондо гана рейтингде деңгээли жогорулап, ушул дивизиондун чемпиондук наамы үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бирок мунун баары матч-мейкерлерден (спортчуга атаандаш тандаган уюштуруучулар - ред.) көз каранды. Алар ким менен беттешти уюштурса, баары ошого жараша болот. Анткени Физиевдин дивизионунда күчтүү мушкерлер көп жана атаандаштык чоң. Эң башкысы азыр ушундай калыпта жеңишти улантышы керек».

Рафаэл Физиев азери тектүү кыргызстандык мушкер. Ал 1993-жылы Казакстанда туулуп, 2005-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген. Ошол жылдан бери муай тай (тай боксу) менен машыгып, спорттук карьерасын Кыргызстанда баштаган. Ал UFC мелдешинде Кыргызстан менен кошо Азербайжан элине да салам жолдоп жүрөт.

Рафаэл Физиев жана машыктыруучу Эмил Токтогонов. 2009-ж.
Рафаэл Физиев жана машыктыруучу Эмил Токтогонов. 2009-ж.

Мушкердин алгачкы машыктыруучусу Эмил Токтогонов шакиртинин ийгилигине кубанып турганын айтып, буларга токтолду.

«Рафаэл 9 жашка толгондо атасы, Салман байке залыма ээрчитип келди. 17 жашка толгончо менде машыкты. Аябай чыйрак, шыктуу бала эле. Кандай ыкманы көрсөтсөң да ошол замат үйрөнүп алчу. Менде машыгып жүргөндө өзү жалгыз Таиландга барып, тай бокс боюнча жаштар арасында дүйнөнүн чемпиондугун утуп келген. Кыргызстандын көп жолку чемпиону болду. ММА дүйнөсүнө Таиландга кеткенден кийин өттү. Өзүн кыргызстандыкмын деп билет. Анткени ал көп нерсени Кыргызстандан алып, спорттук карьерасын да бизден баштады. Мектепте начар окуп калса эле, "жакшы окубасаң, залга киргизбейм" деп далай жолу коркутканым эсимде. Кийин атасынын жолун жолдоп Ички иштер министрлигинин академиясына тапшырып, аны бүтүрдү. Азыр анан ийгилигин көрүп абдан сүйүнүп отурам. Рафаэлдин жолун жолдоп Кыргызстандын атын чыгара турган спортчулар көп».

Мушкер Рафаэл Физиев ММА ышкыбоздорунун арасында артка чалкалай калып, атаандашынын соккусунан буйтай качкан мушкер катары «Кыргыз Неосу» деген каймана ат менен да таанымал. 2017-жылы февраль айында ал Таиландда өткөн «Toyota Marathon» эл аралык мелдешинде дал ушул ыкманы жасап, көпчүлүктү таң калтырган. Бул видеосу Интернетке тарап, кыска убакыттын ичинде эле 2 миллиондон ашык көрүүчү көргөн.

Грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону, жиу-житсу боюнча Азия оюндарынын коло байгесинин ээси Абдурахманхажи Муртазалиев дал ушул ыкма Физиевге UFC уюму менен келишим түзүүгө жол ачканын айтты. Спортчулар бир жылдан ашык чогуу машыккан.

«Ал «Матрица» киносундагы башкы каарман Неонун артка чалкалай калып октон качкан ыкмасын машыгуу учурунда да көп жасачу. Рафаэл күрөшкө караганда туруп мушташта өтө кыйын мушкер. Ал биздин залга 2015-жылы келип жиу-житсунун күрөш ыкмаларын үйрөнүп жүрдү. Кийин Таиландга кетип, ошол жакта машыгып калды. Муай тай боюнча өткөн мелдеште беттеш учурунда дал ошол ыкмасын кайталаган. Анын бул видеосу UFC уюмунун жетекчиси Дана Уайтка да жагып, ал «Инстаграмдагы» баракчасына чыгарып, «мен буга чейин көрбөгөн акылга сыйгыс ыкма» деп жазганын билем. Дал ушул видео Физиевге UFC уюму менен келишим түзүүгө жол ачты деп айта алам. Рафаэл жаш спортчу. Анын келечеги алдыда. Башкысы күчтүү мушкерлер менен беттештерге чыгып турса, өсө турган спортчу».

ММА боюнча машыктуруучу, "FIGHTER KG" клубунун негиздөөчүсү Кенжебек Чекиров пандемия маалында Физиев Кыргызстандыктарга кубаныч тартуулаганын айтты.

“Рафаэлди жеңиши менен куттуктайм. Оору Кыргызстанды басып турганда, кичине да болсо кубаныч тартуулады” - деди ал.

“Рафаэль Физиевдин мушкер катары мүнөзүн айтсам, аябай тартиптүү. Беттеш учурунда эмоциясын көрсөтүп, атырылып, элге жага турган кармаш көрсөтөт. Деңгээли да жылдан жылга өсүп келе жатат. Негизи эле UFCге окшогон уюмдар тик туруп мушташа билген, кызыктуу беттеш көрсөткөн мушкерлерди тандап алышат. Физиев дал ушул талапка жакшы жооп берет”.

Рафаэл Физиев муай-тай боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону. Андан сырткары кармаш уруш жана жиу-житсу, ММА боюнча бир катар мелдештердин жеңүүчүсү. Профессионалдык карьерасында жалпы 9 беттеш өткөрүп, 8 беттеште жеңишке жетсе, бир жолу жеңилген. Ал UFC уюму менен келишим түзгөн үчүнчү кыргызстандык мушкер. Аталган уюмда эже-сиңдилер Валентина менен Антонина Шевченколор күч сынашып келет. Валентина Шевченко UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси. Буга кошумча дагы бир кыргыз спортчусу Азиз Сатыбалдиев ушул жылдын апрель айында UFC уюму менен төрт беттешке келишим түзгөнү кабарланды. Азиздин таймашка качан чыгары азырынча белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG