Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

АКШда COVID-19га каршы күрөшкө аскердик дарыгерлер тартылууда


COVID-19 илдетин аныктоочу анализ алып чарчаган медицина кызматкери. Хьюстон, Техас. Июль, 2020-жыл.
COVID-19 илдетин аныктоочу анализ алып чарчаган медицина кызматкери. Хьюстон, Техас. Июль, 2020-жыл.

Хьюстондогу Бириккен мемориалдык медицина борборунда 86 аскердик медицина кызматкеринен турган бригада түштүк штаттарга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Коронавирус катуу каптап жаткан Техас жана Калифорния штаттарына аскердик дарыгерлер жиберилди.

Калифорнияда аскердик медицина кызматкерлери дарыгерлер жетишпей жаткан сегиз бейтапканага бөлүндү. Техаста коронавируска чалдыккан жана андан набыт болгондордун саны өсүүдө.

17-июлга карата штатта 10 миңден ашуун адам вирусту жуктуруп, 174 адам көз жумганы расмий кабарланды. Калифорнияда 17-июлда 9229 адам коронавируска чалдыгып, 119 адам андан көз жумган.

АКШда 17-июлга карата 77 638 адам коронавируска чалдыкканы кабарланган. Бир суткада оорудан 927 киши көз жумган. Бул пандемия башталгандан берки убакта АКШдагы эң жогорку көрсөткүч.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда, 18-июлга карата жалпы дүйнөдө коронавируска 14,2 млн. адам чалдыкты. 599 438 киши оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. 8,5 млн. адамга чукулу илдеттен сакайды.

XS
SM
MD
LG