Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Футбол: кыргызстандык спортчулардын ийгилиги


Дөөлөт Усубакунов топту башы менен элеп жаткан учуру.
Дөөлөт Усубакунов топту башы менен элеп жаткан учуру.

Кыргызстандык спортчулар топту чебер элөө боюнча дүйнө кубогунда алтын жана коло медалдарды алышты.

Пандемияга байланыштуу онлайн өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын эркектер командасы 34 команданын арасынан жеңүүчү болуп алтын байге алса, 16 команда менен таймашкан кыздар командасы коло байгеге татыды.

"Homeless World Cup 2020" аттуу топту чебер элөө боюнча мелдеш 5-июлда Финляндиянын Темпере шаарында өтмөк. Коронавирус пандемиясына байланыштуу спорттук мелдештер токтотулгандыктан бул мелдеш да онлайн өттү. Эркектер арасында 34 команда, кыздар арасында 16 команда өз ара тайпаларга бөлүнүп мелдешти.

Кыргызстандын Көчө футболу федерациясынын баш катчысы Мирлан Казыбеков онлайн жарыш тууралуу буларды айтып берди:

Мирлан Казыбеков.
Мирлан Казыбеков.

“Көчө футболу боюнча мелдеш ушул жылы 5-июлда Финляндиянын Темпере деген шаарында өтмөк. Пандемияга байланыштуу уюштуруу комитети бизге эки ай мурун кат жөнөтүп, мелдеш токтотулганын билдиришти. Бирок алар онлайн мелдеш өткөрө турганын айтышты”.

Онлайн таймаштын алгачкы этабы эки ай мурда башталган. Эреже боюнча ар бир этапта командалар 30 секунданын ичинде буту, тизеси, башы жана ийини менен топту элеши керек. Мунун баарын катышуучулар видеого тартып, уюштуруучуларга жөнөтөт. Бут же тизе менен топту бир жолу элесе бир упай, башы менен элесе эки упай, ийини менен элесе үч упай берилет.

Топту элөө боюнча мелдешке Кыргызстандан төрт кишиден турган эки команда катышты. Эркектерден түзүлгөн командага Азамат Кадыров, Дөөлөт Усубакунов, Каныбек Бурханбеков жана Эламан Эсенкелдиев кирген.

Мелдеште Кыргызстандын эркектер курама командасы Дания, Ирландия жана Болгария менен бир тайпада күч сынашып, тайпада экинчи орунду ээлеп, плей-оффко чыкты. 1\8 финалда Голландия курама командасын 97:37, чейрек финалда Либерияны 118:81, жарым финалда Түндүк Ирландиянын курама командасын 158:146 эсебинде жеңип алды.

Финалдык мелдеш онлайн өтүп, кыргызстандык команда Того өлкөсүнүн командасы менен күч сынашып, 156 упай менен Кыргызстан курамасы жеңишке жетти. Ал эми Того курама командасынын оюнчулары финалда 139 упай топтой алган.

Кыргызстан курама командасынын оюнчуларынын бири Азамат Кадыров виртуалдуу мелдештин оош-кыйышы тууралуу буларды айтып берди:

Азамат Кадыров.
Азамат Кадыров.

“Онлайн мелдеш башкача экен. Эгер атаандашың жаныңда сүр көрсөтүп турса, мелдеш андан да кызыктуу болмок. Онлайн болгондо көрүүчүлөр да жок. 2-3 бала эле чогулуп, топту ойнотуп, аны видеого тартып жөнөтүп жаттык. Анын жыйынтыгын кечке күтөбүз. Анткени атаандашың кандай ойногонун билбейсиң да. Алгач эрежени бузуп албайлы деп шашпай жасап жатканбыз. Кийин атаандаштардын видеосун көрүп, биз да башыбыз, ийинибиз менен элей баштадык. Айрым атаандаштарыбыздын ийини менен да топту мыкты элегенин көрүп таң калдык. Жеңишке жетүү оңой болгон жок. Финалдагы африкалык атаандаштарыбыз абдан күчтүү экен. Биз аларды 15 упай айырма менен уттук”.

Кыздар арасындагы таймаштарга 16 команда катышкан. Кыргызстан курама командасы жарым финалда жеңилип, коло байгеге ээ болду.

Кыргызстандын кыздар командасынын оюнчусунун бири, 16 жаштагы Бахира Токтогул кызы биринчи жолу эл аралык мелдешке катышып жатат. Ал быйыл эле футболго аралаша баштаган. Бул жетишкендик аны шыктандырганын айтат.

Бахира Токтогул кызы
Бахира Токтогул кызы

“Мелдешке катышасың дегенде аябай толкундандым. Туура эмес тээп аламбы деп корктум. Топту тынбай элеген деле оңой эмес. Туура эмес тээп алсаң башка жакка кетип калат. Бирок аракет кылдым, колумдан келди. Негизи биз мелдешке катышуу үчүн бир ай эле даярдандык. Эми мындан ары футболду таштабайм”.

Көчө футболу боюнча эл аралык мелдештер Эл аралык футбол федерациясынын колдоосу менен жыл сайын өтүп келет. Мелдеш жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен, жаман адаттардан алыс болуп, сергек жашоого үндөө максатын көздөйт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтчү жайкы оюндар 2021-жылга жылдырылып, бир катар эл аралык мелдештер, анын ичинде футбол боюнча Чемпиондор лигасы, континенталдык чемпионаттар убактылуу токтотулган.

Июнь айынан баштап Европанын бир канча өлкөлөрүндө футболдук мелдештерди өткөрүүгө уруксат берилген. Ошого карабай айрым спорттук уюмдар мелдештерди онлайн өткөрүп жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG