Кой-Таш окуясы боюнча 8-июлга белгеленген кезектеги сот иши болгон жок.
Буга айыпталып жаткандардын көпчүлүгү жана алардын кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочулар процесске келбей калганы себеп болду.
Ушуну менен сот жараяны ушул ай ичинде эле төртүнчү ирет жылдырылды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева буларды айтты:
«Судья «прокурорлор да ооруп жатат» деп билдирди. Себеби процесске жети прокурордун үчөө гана келди. Ал эми жактоочулардан экөө болду. Ошондой эле тергөө абагында кармалып жаткан айыпталуучулар да келген жок. Судья өткөн сот отурумдарынан кийин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) расмий кагаз жөнөткөнүн билдирди. Бирок айыпталуучулар сотко эмнеге келбей жатканын түшүндүргөн жок. Ушундан улам сот иши 10-июлга жылды. Бирок көпчүлүк ооруп жатканына байланыштуу кийинки сот отуруму деле болбойт деп ойлойм. Биз буга чейин эле «бул иште саясий боёк бар» деп айтып келгенбиз. Судьяга бийликтен «Кой-Таш окуясы боюнча сотту эмне болбосун өткөрүп, өкүм чыгарыш керек» деген буйрук келген. Ошондуктан алар азыркы кырдаалды эске албай сот отурумун өткөрүүгө аракет кылып жатышат».
Жолдубаева кошумчалагандай, Кой-Таш окуясы боюнча 1-июлдагы жараянда ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков айрым адвокаттар COVID-19 жугуп алганын кабарлап, сотту жылдырган. Бирок кайсы адвокаттар ооруп жатканын айткан эмес. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова мындай деди:
«Кой-Таш боюнча сотко прокурорлор барып эле жатышат. Соттун жылып калышына прокуратуранын тиешеси жок. Биздин иш токтогон жок. Бирок өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Башкы прокуратурада жигердүү иш жүргөн жок. Ошентсе да санитардык нормаларды сактап, ооруга этият мамиле кылуудабыз. Аралыктан иштеп жаткан кызматкерлер да бар».
30-июнда Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга кабылып, абактан ооруканага которулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаев акыркы аптада бир нече жолу адвокаттары жана туугандары менен жолугушуп, алардан кагаз жана башка буюмдарды алганы белгиленген.
Атайын кызмат Атамбаевге оору анын жактоочусу Замир Жоошевден жугушу мүмкүн деген маалымат тараткан. Атамбаев азыр президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында жатат.
Пневмониядан адвокаттар каза болду
2-июлда адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан кайтыш болду. Ал Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген.
62 жаштагы Кайрат Загибаев бир катар чуулгандуу иштерде айыпталгандардын адвокаты болгон. Анын ичинде президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазовдун жактоочусу болгон.
Адвокат Канат Хасанов өлкөдө коронавирус пандемиясы башталгандан бери ар кандай сот иштерине үзгүлтүксүз катышып жүргөн Загибаевге окшогон дагы төрт адвокат да пневмониядан каза болгонун билдирди. Ушундан улам ал Кыргызстанда оору басаңдагыча сот отурумдарын убактылуу токтотуп туруу боюнча демилге көтөрүүдө:
«Ар бир сотто эл көп чогулат. Аралыкты сактоо эрежелери сакталбайт. Айыпталуучулар сотто оору жугузуп алчу коркунучу бар жерде отурушат. Жабык жайларда коронавирус жана пневмония менен ооругандар бар. Алар сотко келип, элге жугуза турган болсо кырдаал мындан да курчуйт. Ошондуктан сактаныш керек. Санариптештирүү саясатынын алкагында Бишкек шаарындагы жана аймактардагы соттор онлайн режимде иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. Азыркы мыйзамдардын негизинде сотторду онлайн өткөрсө болот. Жогорку сот экономикалык жана жарандык кылмыштарды токтото туруп же онлайн процессте өткөрүшү керек. Мына, жакында эле Сокулуктан эки адвокат, Бишкектен дагы эки адвокат пневмониядан каза болду. Алар ишине берилген кесипкөй адистер эле. Пандемия башталгандан бери алар бир да сот отурумун калтырган эмес. Оору сот процесстери жүрүп жаткан учурда тарап жатат».
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-марттан 10-майга чейин өзгөчө абал режими жарыяланган кезде Жогорку сот 6-апрелден 13-апрелге чейин карантинге жабылган. Ага чейин Кыргызстандын сот органдары өзгөчө абал шартында кадимки тартипте иштей берерин билдиришкен.
Мындан тышкары 30-марттан 3-апрелге чейин Ош, Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, Чүй облустук жана Чүй район аралык сотторунун иши бир жумага токтотулган.
Бирок бөгөт чарасын кароого байланыштуу зарыл жараяндар өтүп жатты. Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева «коронавирус коркунучунан улам сот ишин токтотот же токтотпойт» деп айтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи:
«Сааданбеков аттуу адвокаттан «соттук жараяндарды токтотуп туруу» жөнүндө сунуш жазылган кат келген. Аны жетекчилик карап жатат. Азырынча жооп айтыла элек».
Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө сот кызматкерлеринин арасынан да коронавирус илдети табылганы маалым болду.
«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп бараткандыктан Жогорку соттун аппаратында иштеген кызматкерлерден коронавируска байланыштуу ПЧР-анализ тапшырды. Натыйжада сегиз кызматкерден (алардын ичинде бир судья) COVID-19 илдети табылды. Учурда соттук процесстер штаттык режимде өтүп жатат. Эгер кайсы бир соттук отурумда ишке байланыштуу тараптар келбей калса же башка бир себептери болсо, сот жылдырылат. Ал эми сотко кайрылууга муктаж болгон жарандардан сот имаратына келген учурда санитардык эрежелерди так сактоону өтүнөбүз», - деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.
Атамбаевдин тарапкерлери өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган шартта Кой-Таш окуясы боюнча сот жүрүп жатканына нааразы болуп жүрүшөт.
Ал эми жарандык активист Адил Турдукулов азыркы бийлик учурдагы карантиндик шарттан пайдаланып, бул соттук ишти эртерээк бүткөрүүгө кызыкчылыгы бар деген ойдо.
«Сот процесстеринде санитардык нормалар сакталбай жатканы айтылып эле жатат, - деди ал. - Бирок бийлик Кой-Таш окуясы боюнча сотту өткөрүүгө аракет кылып жатканы бул иште саясий өңүт бар экенин билгизди. Эл башка маселеге алаксып жатканда сот батыраак өкүм чыгарууга шашылып жатат. Бул иште айыпталып жаткандар коомчулукка коркунуч жаратпагандан кийин пандемия учурунда аларды үй камагына чыгарып турушса болмок. Анткени Кой-Таш окуясы дагы иликтөөнү талап кылат».
Эркин эксперттер кандай шарт болбосун коомчулуктун көңүлү бурулган иште эреже бузбай кароо зарыл деп эсептешет. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова сот бийлигин сынга алды:
«Сот системасынын иши токтобошу керек. Анткени калыстык кандай учурда болбосун өкүм сүрүп турушу керек. Керек болсо өлкөдө өзгөчө абал болуп турган кезде да сот иштеши керек. Соттордун ыйгарым укуктары жетиштүү. Азыркыдай оору жайылып кетүү коркунучу түзүлгөн кезде сот отурумдарын жылдыруу зарылчылыгы болсо чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Бирок бул жерде Жогорку сот иштеши керек эле. Тилекке каршы алар эч кандай иш кылган жок. Ошондуктан сот системасында башаламандык орун алууда».
Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.
Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.
Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.
Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.