Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Президент жана өкмөт: Чыныбай Турсунбековдун элеси өчпөйт


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрага, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу бийлик жана коомчулук өкүлдөрүнүн атынан көңүл айтуу каты жарыяланды.

Анда кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

«Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентаризмдин өнүгүшүнө, эл аралык парламенттик байланыштардын жайылышына, эл аралык кызматташууга өзгөчө салым кошкон. Ишкерликти өнүктүрүүгө жол ачкан жана жарандардын социалдык-экономикалык маселелерин чечкен мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан. Жогорку Кеңештин депутаты, акын, котормочу, кыргыз элинин чыныгы уулу Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», деп айтылат анда.

Некролог президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, төрага Дастан Жумабеков, өкмөт башчы Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик, коомдук ишмерлердин атынан жарыяланды.

Чыныбай Турсунбеков 1960-жылдын 15-октябрында Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айылында төрөлгөн. Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында Кыргызстан боюнча адис, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу «Манас дастаны» филиалынын директору, «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы болуп иштеген.

Ал филология илиминин кандидаты, СССР Жазуучулар жана СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Бир нече ырлар жыйнагынын автору.

Ч.Турсунбеков 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланып, КСДП фракциясын жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланганга чейин КСДП фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы болгон.

2016-жылы 27- апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган жана бул кызматта 2017-жылдын 25-октябрына чейин иштеген.

XS
SM
MD
LG