Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Конгрессмендер орус чалгын кызматынын таасирине кызыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда айрым конгрессмендер «Орусиянын чалгын кызматы Ооганстанда америкалык аскерлердин башына акча сайган, аларды өлтүрүү үчүн талибдерге тиешеси бар жоочуларга акча төлөгөн» деген маалыматтардан улам Ак үйдөн түшүндүрмө талап кылышты.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп бул тууралуу кабары болбогонун билдирген жана «чечкиндүү чара көргөн жок» деген дооматты четке каккан. «The New York Times» басылмасы ишенимдүү булактарына таянып, Трампка март айында эле маалымат берилгенин жазган.

АКШнын Өкүлдөр палатасындагы республикачыл конгрессмен Лиз Чейни эгер «The New York Times» гезитинин жазгандары анык болсо, мыйзам чыгаруучулар «Бул маалыматты ким жана качан билген?» деген суроого жооп алышы керектигин билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына президент менен вице-президентке маалымат берилбегени боюнча Ак үйдөн түшүндүрмө талап кылды. Конгрессмен соңку жагдайдан улам АКШнын коргоо күчтөрүнүн коопсуздугу, орус президенти Владимир Путинди жоопко тартуу үчүн кандай аракет көрүлгөнүн да сурашарын билдирди.

Өткөн аптанын аягында «The New York Times» АКШнын чалгын кызматтары мындан бир нече ай мурда «Орусия Ооганстандагы америкалык жана коалициялык күчтөрдүн жоокерлерин өлтүрүү үчүн «Талибанга» байланышы бар жоочуларга акча төлөгөн» деген бүтүмгө келгенин жазган. Аталган басылма бул маселеден кабары бар, бирок атын атабаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып, өткөн жылы Ооганстанда болгон айрым чабуулдарга Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгы (ГРУ) буюртма бергенин билдирген.

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык чалгын кызматтарынын мындай корутундусу менен таанышпаганын айтып чыккан. Ал «Твиттердеги» баракчасына «The New York Times» басылмасында жарыяланган бул маалыматты бардык тараптар четке кагып жатканын, америкалык күчтөргө «анчалык көп деле чабуул болбогонун» жазган. Ошондой эле «Москвага каршы чечкиндүү чара көргөн жок» деген сөздөргө жооп кайтарып, «Орусияга эч ким менчелик катаал болгон эмес» деп белгилеген.

Трамп 28-июнда кечинде бул темага дагы кайрылып, Чалгын кызматы аны эми гана кабардар кылганын, бирок алар колундагы маалыматы ынанымдуу болбогондуктан президент менен вице-президентке кабар берүүнү эп көрүшпөгөнүн билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Балким бул Орусияга байланыштуу дагы бир көбүртүп-жабыртуу. «New York Times» фейк кабар менен республикачыларды жаманатты кылгысы келип жатышы мүмкүн» деп жазды.

Анткен менен демократтардын атынан президенттикке аттанып жаткан мурдагы вице-президент Жо Байден Трампты сындап чыкты.

«"Таймстын" билдиришинче, Трамп бул тууралуу кабардар болгон. Бирок ага карабай ал Кошмо Штаттарында Путинди кабыл алууга жана Орусияны «Чоң жетиге» кайра кошконго аракет жасады».

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Орусияга карата катаал санкция киргизүүнү талап кылды. Сенат бул маселени ушул аптада талкуулаганы жатат.

Дональд Трамптын мурдагы кеңешчиси Жон Болтон Трамптын реакциясы тууралуу комментарий берди.

«Өзүңөр да айткандай, биз көп нерсени билбейбиз. Ошондуктан астейдил болушубуз керек. Бирок биз Трамптын бүгүн эртең менен «Твиттерге» жазгандарынан билгенибизге караганда, бул Ак үйдөгү Трамптын кеңсесиндеги кадыресе эле күндөргө окшоп турат. Президент ага эч ким маалымат бербегенин айтууга болушунча аракет кылган мындай жагдай буга чейин болгонун эстей албай жатам».

Соңку жагдай тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчилиги дароо үн катты. Элчилик макалада айтылгандарды «негизи жок жана купуя айыптоо» катары сыпаттады. «Талибан» куралдуу кыймылы да бул айыптоолорду «кескин түрдө четке кагаарын» билдирди.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Тараптар талибдер америкалык аскерлерге жана өнөктөштөрүнө кол салууну токтотот, АКШ ал үчүн контингентин чыгарып кетет деп макулдашкан.

Өткөн айда Трамп Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет билдирген, бирок так бир күндү айткан эмес.

«Биз 19 жылдан бери ошол жактабыз. Менимче, бул жетиштүү. Биз абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызды алар да түшүнүп турушат. Аскерлерибизди үйгө кайтарууну каалайбыз», - деген Трамп.

Ушул тапта Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө окутуу, машыгуу иштерине 12 миңдей америкалык күч кызматкери жардамдашып жүрөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG