Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:55

Пневмония болгондор да эми коронавирус үчүн даярдалган ооруканаларга жаткырылмай болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү алгоритмин өзгөрттү. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Эми өпкөсүнөн кагынган (пневмония) бейтаптар да коронавируска шектүү катары дарыланат.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүнтөн тартып анализиниен COVID-19 чыкпаган, бирок өпкөсүнөн кагынып жаткандар өзүнчө ооруканага жаткырыла баштады:

“Пневмония белгилери болуп, температурасы 38 градустан жогору кармалып түшпөй жаткан болсо ПЧР анализдин жыйынтыгын күтпөстөн атайын даярдалган ооруканаларга кабыл ала баштадык. Ошол жерден керектүү анализ жүргүзүп, карап, текшерип алабыз. Жетиштүү санда орун даярдалды”.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Социалдык түйүндөрдө өпкөсүнөн кагынып, бирок анализи коронавирустан таза чыгып жаткан бейтаптар көп экенин кабарлагандар арбыды.

Бишкектин "Тез жардам" кызматынын маалыматына караганда, адатта жайында пневмония илдети көп катталчу эмес, азыр суткасына элүүдөн ашып жатат.

Көз каранды эмес адистер алардын баары коронавирус болушу ыктымал деп боолгоп турушат.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти.

Өкмөт коронавируска байланыштуу айрым ооруканалардан кошумча орундарды даярдап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG