Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:53

Жаңы окуу жылы кандай болору белгисиз


1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.
1-класстын окуучусу. 2-сентябрь, 2019-жыл.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл биринчи класстын окуучулары кандай окуй турганы белгисиз болууда. Ата-энелер биринчи класстарды дистанттык эмес, мектепте окутууну талап кылып жатышат. Министрлик бул боюнча чечим кабыл ала элек. 

Жалгыз бой эне Шайыргүл Абдыкадырова быйыл баласын 1-класска даярдап жатат. Ал онлайн кезек менен уулун Бишкектеги мектептердин бирине киргизген. Пандемия башталганына байланыштуу баласы мектепке чейинки даярдыктагы сабактарга да толук катыша албай калган. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл эпидемиологиялык абал курчуса, жаңы окуу жылын аралыктан окуутуну пландап жатканын уккан эне санаа чегип жатат:

«Мектепке бардык документтерди тапшырдык. 25-августа жыйын болорун айтышкан. Ошондо окуу кандай болорун билдиришет экен. Мен 1-класстын балдарын онлайн окутууга каршымын. Анткени, менин балам телефонду карап окумак турсун, ойноп кетет да. Анын үстүнө тамгаларды да толук окуп үлгүрүшкөн жок. Аны окутуш үчүн жанында бирөө болушу керек. Мен жумушка кетсем аны ким окутат? Баламды окутуп үйдө отурсам, мени ким багат? Өзү окуганды же жазганды жакшы билбесе кантип окуп кете алат?».

Буга чейин Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кийинки окуу жылын да дистанттык негизде жүргүзүү ыктымалдыгына даярдык көрө турганын билдирген.

Учурда 1-класстын окуучулары үчүн да атайын видео сабактар даярдалып жатканын Билим берүү министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова «Азаттыкка» билдирди.

«Ата-энелер видео сабактар даярдалып жатат дегенди укканда эле жаңы окуу жылы дагы онлайн болот экен деп сарсанаа болуп жатышат. Бирок кырдаал күзгө чейин кандай болорун бизге алдын ала эч ким айта албайт. Ошондуктан, биз ар кандай кырдаалга даяр болушубуз керек. Дистанттык окутуу муктаждыктан гана келип чыгууда. Албетте, 1-класстар үчүн аралыктан окуу өтө оор нерсе. Алар ансыз деле окуганды жана жазганды билишпейт. Ал боюнча азыр биз анализдеп, атайын методисттер, мугалимдер тобу түзүлүп, ушул багытта иш жүргүзүп жатабыз. Эгер күзүндө абал жөнгө салынса, окуу кадимкидей башталып, балдар мектептен эле окушат. Ал эми биз иштеп чыккан видео сабактар кошумча сабак катары киргизилет. Андыктан ата-энелерди ызы-чууга алдырбоого, түшүнүү менен кабыл алууга чакырым. Кандай болгон күндө да биз балдардын аралыктан болсо дагы окуусуна шарт түзүшүбүз керек».

2020-2021-окуу жылы үчүн балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо долбоору ушул тапта Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында иштеп жатат. Балдарды каттоо же «электрондук кезек» долбоорунун 1-айлампасы 15-февралдан тартып аталган шаарларда жана Бишкекте жүргүзүлгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу балдарды мектепке кабыл алуу убактылуу токтотулган эле.

1-июндан тартып балдарды мектепке кабыл алуу кайра жанданды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 25-июнга карата ата-энелерден 19 миңден ашык арыз түшүп, 13 820 бала 1-класска кабыл алынган. Балдарды мектепке кабыл алуу 1-сентябрга чейин уланат.

«Балдардын укугун коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги пандемия учурунда тез арада аралыктан окууга өткөнүн жогору баалап, ошол эле учурда сабактардын деңгээлине жакшылап көңүл бурушу керек экенин айтат.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Эгер балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч жаралса, мектеп тараптан коопсуздук чаралары жетиштүү болбосо, ата-энелер өздөрү эле балдарын мектепке алып барбайт болушу керек. Албетте, аралыктан окутуу эч бир айла калбай калган учурда гана, башка жол калбай калганда гана колдонулушу керек. Онлайн окуу ар бир мектеп окуучусу үчүн өтө татаал, чоң сыноо болду. Ата-энелер да кыйналганын айтып жатышат. Балага да бул жагымдуу эмес. Бирок такыр билим албай калгандын ордуна, онлайн окуган да жакшы. Эми күзүндө кырдаал кандай болоору белгисиз. Эгер жарандар санитардык нормаларды сактаса, абал жакшырып, баары мурдагыдай болмок. Алдын ала бир нерсе деп айтыш кыйын».

Назгүл Турдубекова ата-энелерге жардам берүү максатында «2020 - Менин баламды мектепке кабыл алгыла» аттуу республикалык акция башталганын кошумчалады. Акциянын алкагында балдарын мектепке киргизүүдө кыйынчылыктарга кабылган ата-энелерге укуктук жардам берилет.

«Менин баламды мектепке кабыл алгыла» акциясынын укуктук жардам боюнча төмөндөгү телефондорго кайрылууга болот: 0312 662587, 0709845775 (WhatsApp)

Кыргызстанда мектепке окуучуларды электрондук каттоо боюнча пилоттук долбоор 2019-2020-окуу жылында Бишкек шаарында башталган. Быйыл бул долбоор өлкөдөгү алты шаарда иштеп жатат.

Кыргызстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда 1 миллиондой окуучу билим алат.

Кыргыз мектептери эмнеден артта калды?
Кыргыз мектептери эмнеден артта калды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:10 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG