Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Эл үнү: Аралыктан окутуунун азабы, Дубайда калган мигранттар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Эл үнүнө» кайрылгандардын көбү аралыктан окутуунун көйгөйлөрүн көтөрүштү. Айрыкча айыл жериндегилер Интернетке жетпей жатканын, жарактуу телефон жоктугун айтышууда. Москвада, Дубайда мекенге жете албай жаткан мигранттардын кайрылуусуна да орун беребиз.

Абалкан Асылбек уулу, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну:

- «Мегаком» компаниясы акысыз сим-карталарды атайын сунуш кылып жатыптыр. Биз аны шаарга барып алып келиш үчүн айылдан уруксат кагаздарын, маршруттук баракчаны да ала албай жатабыз. Эртең менен сегизден онго чейин Кыргызстандагы бардык эле уюлдук операторлор абоненттерине сабак учурунда бекер Интернет берип турса болбойбу? «Вотсапка», «Скайпка» ченемсиз Интернет берсе жакшы болмок.

«Альфа Телеком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангуловдун жообу:

- Бул маселеде биз өзүмчүл мамиле жасаган жокпуз. Биздин компания «Мега 24» деген мобилдик тиркемени иштеп чыккан. Анын ичинде «Мектеп» деген бөлүм бар. Бул тиркемени «Мегакомдун» гана абоненттери эмес, «О», «Билайндын» абонеттери да Интернеттен жүктөп алып, толук колдоно берсе болот. Маалымат жетишпегендиктен ушундай бир мүчүлүштүктөр жаралып жатат окшойт.

Окуу процесси «Мега 24» аркылуу гана эмес, телеканалдар, башкача айтканда КТРК, ЭЛТР, 5-канал, «Баластан», «Пирамидадан» жүргүзүлүп жатат. Экинчиси - Билим берүү министрлигинин сайтында да окуу жүрүп жатат.

Ал эми «Мега 24kg» тиркемеси оффлайн билим берүүгө даярдалган. Биз ал жерге атайын контентти жүктөдүк. Бул «Сапат» билим берүү мекемесинин атайын видеолору, электрондук китепкана жүктөлдү.

Ошондой эле «Санат» деген медицина тармагындагы мектептердин видеолору, Билим берүү министрлиги тарткан видеосабактардын баары жүктөлдү. Аларды аралыктан окууга бардык шарттар түзүлдү. «Мегаком» сим-картасы болбосо, өзү жашаган жердеги жакын дүкөндөрдө сатылат. Аны алгандан кийин «Мега 24» тиркемесин жүктөп, акысыз эле сабак окута алышат. Элдин баары онлайн окутуу десе эле видео конференциялар менен сабак өтүшөт экен деп түшүнүп жатышат.

Ошол эле Казакстанда, Орусияда деле видео конференцияларга ресурс жеткен жок. Себеби, 1 миллион 300 миң окуучу бир учурда Интернетке киргенге мүмкүн эмес. Ошондуктан мугалимдер тапшырма берет, аларды «Мега 24» тиркемесинде жүктөлгөн сабактардан окуучулар өздөрү таап, окуп, анан мугалимдер менен байланышка чыгып ишке ашырса болот.

Ал эми онлайн билим берүүдө болсо «Zoom», «Вотсап», «Скайп» тиркемелери аркылуу окутуу болуп саналат. Бул менимче Билим берүү министрлигине техникалык жактан кыйын болушу мүмкүн. Азыр Интернет бардык айылдарда бар, 2G интернет менен деле окуса болот.

Айгүл Боронова, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы Көк-Там айылынын туругуну:

- Бизде Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары тартпай жатат. Аралыктан окутуу болсо башталды. Биз балдарды кантип окутабыз, билбейм. Өзбекстандын гана каналдары тартат. Биз эми өзбек каналдардан сабак өтө алмак белек? Адегенде ушул маселени чечип алып, ошондон кийин гана аралыктан окута баштаса болмок. Мен окуучуларыма кантип сабак өтөм? Антеннабызды бийикке да коюп көрдүк, бирок баары бир кыргыз каналдары чыкпай жатат. Ушуну чечип берсеңиздер, сиздерден сураныч.

Тамак-аштан, батир акысынан кыйналдык

Айнагүл​ Тургунбаева, Бишкектин тургуну:

- Мен батирде турам, эки кызым бар, бирөө мени карап, экинчиси иштечү. Карантиндин айынан кызым иштебей калды, жашообуз кыйын болуп жатат. «Батир акысын бербесеңер чыккыла, башканы киргизем» деп кожоюн улам коркутууда. Чыкканда мен каякка барам? Азыр азык-түлүккө да акчабыз жок, ачка отурабыз. Биринчи топтогу майыпмын, колу-бутум иштебейт.

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Биз Өзгөн районунун Кара-Таш айылында жашайбыз. Жолубуздун шарты начар. Базардын баары жабык, малыбызды саталы десек мал базар да ачык эмес. Элдин баары азыр муктаж, бизге бийлик кандай жардам берет? Чай-пай, азык-түлүк керек болуп жатат. Биз ыйлап жатабыз, элдин камдаган уну түгөндү. Эң четтеги айылданбыз. Пенсия, жөлөкпул болсо бир айдан кийин келет. Аны албагандар деле көп. Баарыбыз кыйналдык.

Аты-жөнүн атабаган тургун:

- Биз да жардамга муктажбыз. Азыр Бишкекте батирде турабыз. Атабыз биринчи топтогу майып, гемодиализ алат. Акча жок, дары-дармегине, тамак-ашка жеткире албай жатабыз. Азык-түлүк жагынан бир аз жардам берип койгулачы.

Бурмакан Мамбеталиева, Бишкектин тургуну:

- Биз Ак-Өргөдө квартирада үчөөбүз турабыз. Апам экинчи топтогу майып, төшөктө жатат. Мен тигүү цехинде иштечүмүн, азыр жумуш жок иштей албай жатам. Уулум 9-класста окуйт. Батирдин акчасын да төлөй албай жатабыз. Бизге да жардам берчүлөр болсо жакшы болот эле.

Менин атым Назгүл:

- Жардам берет деп түзүлгөн штабдардын номерлерине чалып жатабыз. Бир да номери албайт. Муну жөн эле элди тынчтандырыш үчүн айтып коюшканбы? Депутаттар, силерге кайрылам, өзүңөр менен өзүңөр эле болуп жатасыңар го. Вирус келип кимдин ким экенин көрсөтүп койду. Абдан жакыр жашагандар бар. Эл азыр өзүнө өзү жардам берип жатат. Силерден эмне жардам болуп жатат? Ушундай кыйын маалда үч айлык маянаңарды албай эле элге жардамга бербейсиңерби. Түркиянын президенти алты айлыгынан баш тартты. Муну өз көзүбүз менен көрүп жатабыз.

Нурболот Бердибеков, Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын тургуну:

- Унду бизде пенсионерлерге деп таркатты. Бир үйдө эки-үч пенсионер жашагандар алып калып, чындап муктаждарга берилбей калды. Көп балалуу, жумушсуз, пенсия албагандар тизмеге кирген жок. Бир нерсе таратарда адилеттүү карабайсыңарбы? Биздин айыл өкмөт да начар иштеп койгонбу, иши кылса жардам даректүү жетпей жатат.

Москва: Аэропортто турган кош бойлуу аялдарды алып кеткиле

Атын атабаган жигит:

- Биздин маселени качан чечесиңер, арабызда кош бойлуу аялдар бар. Жок дегенде ошолорду алып кеткиле, биз эркектер эптеп жетип аларбыз.

Москвадагы мигранттар биримдигинин жетекчиси Алишер Ганыбаев кош бойлуу аялдар хостелдерге жайгаштырылып, медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Ал ошондой эле «Шереметьево» аба майданында турган жарандардын саны 47 болгонун, алардын учууга билети жок экенин кабарлады.

Дубай: Жүздөгөн киши мекенге жете албай турат

Аты-жөнүн атабаган жигит:

- 8-апрель, 2020-жыл. Биздин өкмөт башчы жана парламент мүчөлөрүнөн бирөө да биз менен байланышкан жок. Ушул күнгө чейин биздин абалыбызды сурап, көйгөйүбүздү чечүүгө аракет кылган бирөө болбоду. Кош бойлуу эжелерибиз бар арабызда. Же биз мекенибизге өгөйбүзбү? Мына сызда, муздак креслодо жатабыз. Ант берип, «кыргыз элине кызмат кылабыз» деп алдагы креслого отурдуңар. Биз бул жакта барарга жерибиз жок жетимсиреп турабыз. Эмне үчүн бизди ойлобойсуңар? Жыргаганыбыздан келиппизби бул жакка? Эртеби-кечпи бул баары бир таразага алына турган нерсе!

8-апрелдеги басма сөз жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ​мындай деди:

- Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандардан келебиз дегендер бар. Элчиликтер иштеп жатат. Бирок өзүңөр жакшы билесиздер, бардык мамлекеттер сырттагы жарандарын коронавирустун активдүү фазасы бүткөнчө чыкпай, күтүп туруш керек деп кеңеш берип жатат. Биз да ошондой кеңеш беребиз, бирок кайсы бир жараныбыз келем десе, алып келүүгө сөзсүз аракет кылабыз.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «Вотсап» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG