Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдар жандана элек


Стамбул аэропорту. Май, 2020-жыл.
Стамбул аэропорту. Май, 2020-жыл.

Бул маалыматты Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги таратты. Элчилик расмий маалымат берилмейинче учакка билет сатып албоого үндөдү. Ага ылайык, айрым аба компаниялардын сайтында Кыргызстанга каттамдар жанданганы тууралуу кабарлар пайда болгон. Ушундан улам ага ишенген кээ бир мекендештер билет сатып алышкан.

Элчиликтин билдирүүсүндө “Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдары жандана элек. Элчилик каттамдар ачылганы тууралуу расмий маалымдамайынча, учакка билет сатып албоону сунуш кылабыз” деп жазылган.

Пандемия башталгандан бери, март-июнь аралыгында Түркиядан Кыргызстанга 5 ирет чартердик каттам уюштурулган. 1415 жаран мекенине кайтарылган.

Учурда үйүнө кайтууну каалаган кыргызстандыктардын тизмесин түзүү уланууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон. Өткөн аптада "Turkish Аirlines" аба компаниясы 23-июндан тартып, "Стамбул-Бишкек" багыты боюнча аптасына эки жолу каттамдарын жандантарын кабарлаганы интернетте жарыяланган.

Түркиянын "Turkish Airlines", "Pegasus" авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарды 1-июлдан тарта калыбына келтирүүнү сунуш кылган. Кыргыз өкмөтү бул сунушка макул боло электигин Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттыкка” маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG