17 жаштагы Гүлиза Ысмайлова “Жазгы Бишкек” деп аталган оюндун биринчи бөлүгүн көчүрүп алган. Ал оюндагы кайсы бир каарман үчүн чечим кабыл алып, окуянын жүрүшүнө таасир эте аларын айтты. Ошол эле кезде оюн учурунда өзүн коргоо эрежелери менен таанышууга болот.
"Оюн айылдык жана шаардык кыздардын, эркек балдардын кыздарга мамилеси тууралуу экен. Ар бир оюнчуга аны эки жол менен өтүү тандоосу берилет. Мисалы, биринчисинде мен сылык-сыпайы кыздын образында болгом. Кийинкисинде орой кыздын ордунда болдум. Оюндун жыйынтыгы сенин жасаган кыймылыңа жана тандооңо көз каранды. Мага жакканы - атайын эскертүүлөр болду. Мисалы, "кооптуу жерде болсоң, бул номурга чал" деп маалыматтар берилип турду. Өзүм деле ала качууга каршымын, балким ал кылмыш экенин ушундай жол менен курдаштарыма жеткирүүгө болот деп ойлоп калдым".
Чөнтөк телефонго жүктөлө турган “Жазгы Бишкек” деп аталган оюн сериал түрүндө. Аны ойногон адам өзү сериалдын башкы каарманы болот.
Мисалы, Бишкекте окуган студент кыздын курбусун ала качып кетишет. Оюндун жүрүшүндө баш каарман досун куткарып чыгууга аракет кылат же тескерисинче кийлигишпей коет. Жыйынтыгында анын тандап алган кадамынын пайдасы же кесепети көрүнөт.
Долбоордун демилгечиси – “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова оюнду иштеп чыгууга ага кайрылган кыздардын окуялары себеп болгонун айтты:
"Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган “Жазгы Бишкек” оюнунун мазмуну ала качууга дуушар болгон кыздар кабылган окуянын негизинде жазылды. Ала качууга кабылган кыздар келгенде, мен алардын окуясын угуп, кандай маалымат берсек болот, аларды кантип өзүн коргоого үйрөтөбүз деп ойлончумун. Ошондон улам бул ой пайда болду. Бул оюн жаш кыздар үчүн иштелип чыккан. Жалпысынан, интерактивдүү “китеп” 11 бөлүмдөн турат. Азырынча үчөө даяр болду, калгандары сериал түрүндө улам жарыяланат".
Сценарийди визуалдаштырган сүрөтчү Татьяна Зеленскаянын айтымында, оюнчу өзүн каармандын ордуна коюп, анын сезимдерин, эмоцияларын, мамилелерин сезип-туюп, чечим кабыл алып, окуянын жүрүшүнө таасир эте алат. Ошондуктан сүрөтчү каармандардын образын жана эмоцияларын жаратуунун маанисине токтолду.
"Биз топ менен адегенде ар бир каармандын образын түзүп чыктык. Башкысы, алардын эмоциясын телефон аркылуу оюнчуга жеткирип берүү максаты болду. Айрым каармандардын жүзүн же эмоцияларын бир нече жолу тартып чыгууга туура келди. Окуя шаарда болот. Бишкекти тартып жатканда да аны азыркыдай, элге тааныш кылып көрсөткүм келди. Өзүмдүн шаарымдын көчөлөрүн, үйлөрдү жана мага жаккан жерлерди оюнга визуалдаштыруу абдан кызык болду. Оюн тууралуу жылуу пикирлерди уга баштагандан бери ишибизди улантуу тууралуу ойлонуп жатабыз".
Долбоорду ишке ашырууга ондогон активисттер жана чет өлкөлүк эксперттер катышып, каржылык колдоону "Sigrid Rausing Trust", "Сорос-Кыргызстан" фонддору, Европа Биримдиги жана БУУ көрсөткөн.
Анимациялык комикс түрүндө тартылган оюнду ар бир каалоочу телефонуна жүктөп алса болот. (Долбоордун веб-сайты: www.kg.lastochki.info)
Антрополог, ала качууга каршы багытталган “Калыс” комиксинин жузуучусу Алтын Капалова зомбулук тууралуу элге түшүндүрүү иштеринде жаны ыкмаларды колдонгон пайдалуу деп эсептейт:
"Аялдар жана кыздарга карата жасалып жаткан зомбулук иштерин токтотуп же калкка түшүндүрүүдө сөзсүз жаңы технологияларды колдонуу зарыл. Себеби, азыр дүйнө өзгөрүп жатпайбы. Өзгөчө жаштар менен баарлашууда алардын тилинде сүйлөшүү керек. Азыр байланыш жолдору такыр бөлөк. Ошондуктан мындай оюн чыкканын угуп, абдан кубандым. Демек, оюн түрүндө түшүндүрүп, зомбулуктун алдын-алса болот экен".
Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыштардын бири. Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар мындан тышкары 200 миң сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.
2018-жылы ала качуунун курмандыгы болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын кейиштүү тагдыры коомчулуктун эсинде. Аны ала качып бара жаткан жигити максаты ишке ашпай калган соң милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, 20 жылга эркинен ажыратылган.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жылы аялдарга карата жасалган зомбулук боюнча иштердин 11 пайызы гана сотко жеткен. Мындай иштердин арасында зордуктоо жана ала качуу фактылары бар.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.