Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:57

Дарига Назарбаева Лондондогу мүлкүн коргоп калды


Лондондогу Нурали Алиевге таандык хансарайлардын бири, 10-март, 2020.
Лондондогу Нурали Алиевге таандык хансарайлардын бири, 10-март, 2020.

Казакстандын мурунку президентинин кызы Дарига Назарбаева жана анын уулу Лондондогу мүлкүн сотто коргоп калышты. Апелляциялык сот Британиянын кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин арызын четке какты.

Лондондун Жогорку апелляциялык сотунун судьясы Сью Карр «Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттик койгон дооматтардын келечеги жок» деген тыянакка келди. Бул тууралуу укук жана сот иштерин талдоого адистешкен Law360 аттуу онлайн ресурсу билдирди.

Карр төмөнкү инстанциянын судьясы Беверли Лэнг Улуттук агенттиктин ишин талдап, "жоопкер тараптын далилдери бул ишти ойрон кыларын түшүнүп, туура чечим кабыл алган" деп айтты.

Ушул жылдын апрелинде Лондон Жогорку сотунун судьясы Лэнг Назарбаевдин кызы Дарига менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай жана бир батирге байланыштуу үч ордерди четке каккан. Сот улуттук агенттик кыймылсыз мүлктү сатып алуунун жагдайларына "объективдүү баа берген эмес" деген чечим чыгарган. Лэнг мүлккө ээлик кылган офшордук компаниялар менен Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, Нурали Алиевдин атасынын "кандайдыр бир байланышы жок" деп тапты.

Бул иш боюнча сот чечими 17-июнда чыккан.

Ал арада "Азаттыктын" казак кызматынын редакциясына британиялык "Tancredi" фирмасынан электрондук кат келип түшкөн. Катка соттун чечимине тиешелүү документ тиркелген. Назарбаева менен Алиевдин кызыкчылыгын сотто коргогон "Mishcon de Reya" юридикалык компаниясынан Жоанна Уолштун жана «​доктор Дарига Назарбаева менен Нурали Алиев мырзанын" билдирүүлөрү да камтылган.

Каттын мазмунуна караганда, Назарбаева менен Алиев «Апелляциялык соттун чечимине абдан ыраазы» экени билинет. Алар Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиктин даттануу арызын "убакытты жана ресурсту бекер коротуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун уландысы" деп сыпаттап, өздөрүн «толук акталдык» деп билдиришкен.

Казакстандын туңгуч президентинин кызы Дарига Назарбаева жана небереси Нурали Алиев
Казакстандын туңгуч президентинин кызы Дарига Назарбаева жана небереси Нурали Алиев

Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиктин өкүлү анын мекемесин "соттун чечими иренжиткенин" билдирип, анын кесепетин кылдат карап чыгышарын айтты. Law360 сайты агенттиктин өкүлү ​эми колдо бар бардык мыйзамдарды пайдаланып, мыйзамсыз жана шектүү каржылардын изин иликтөө улана берерин айтканын жазды.

Буга чейин британ полициясы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нуралиге таандык делген үйлөр кайсы акчага сатылып алынганын түшүндүрүп берүүнү талап кылып, сотко даттанган.

Лондон сотунун чечими

8-апрелде Лондондун Жогорку соту Дарига Назарбаева менен анын уулу Нурали Алиевге таандык деп көрсөтүлгөн эки хансарай жана бир батирге байланыштуу үч ордерди четке каккан. Сот далилдер жетишсиз деген тыянакка келген.

Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Лондондогу жалпы баасы 104 миллион доллардан ашкан бул үйлөр Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин «мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын» жүйө келтирип, кожоюндардан хансарайлар кайсы акчага келгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылган.

Полицияга мындай укук берген жаңы мыйзам Британияда 2018-жылдын башынан тартып ишке кирген. “Булагы аныкталбаган байлык тууралуу буйрук” аттуу мыйзамга ылайык, полиция Британиянын аймагындагы коррупцияга тиешеси бар мүлктү аныктап, сот аркылуу кожоюндарынан акчанын булагын көрсөтүүнү талап кыла алат. Эгер кожоюн байлыгын мыйзамдуу тапканын далилдей албаса, андан ажырап калышы мүмкүн.

Лондондогу сотто Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн адвокаттары кымбат хансарайлар маркум Рахат Алиевдин күмөндүү акчасына алынганын четке кагышып, Дарига Назарбаеванын жеке өзүнүн мындай кыймылсыз мүлктү сатып алууга кудурети жетерин жүйө келтиришти. Британ судьясы бул жүйөгө макул болду.

Бирок Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин жетекчилеринин бири Грэм Биггар билдирүү таратып, кийинки инстанцияга арызданыша турганын айтты.

“Булагы аныкталбаган байлык тууралуу буйрук” - бул жаңы мыйзам жана биз аны колдонууга каршы олуттуу соттошуулар болоорун күткөнбүз. Ордерлерди жокко чыгаруу боюнча чечимге макул эмеспиз. Апелляцияга беребиз”, - деп билдирди Грэм Биггар.

Назарбаев үй-бүлөсү: байлык жана таасир

Лондондун кымбат райондорундагы бул үйлөргө Нурали Алиев менен Дарига Назарбаеванын атынан офшордо катталган компаниялар ээлик кылаарын британ журналисттери аныктап чыгышкан. Хансарайлардын бири британ баш калаасынын Хампстед аймагындагы “Миллиарддерлер көчөсү” атка конгон Бишоп авеньюда жайгашкан. 10 уктоочу бөлмөдөн турган ал үйдүн жер төлөөсүндө бассейни, кинотеатры, керек болсо шаркыратмасы да бар экенин британ басылмалары жазып жатышат.

Казакстандагы эң таасирдүү үй-бүлөгө тиешеси бар деген мынча байлыктын булагын түшүндүрүүнү талап кылган ордер 2019-жылдын май айында чыккан. Назарбаева менен Алиевдин адвокаттары британ полициясын “так эмес маалыматтарга таянды”, “иликтөөнү жетишсиз жүргүздү” деп айыптап, толугу менен акталып чыгышканын билдиришти.

“Дарига Назарбаевага катаал процедураларга каршы күрөшүп, өз кадыр-баркын калыбына келтирүүгө туура келди. Бул өкүнүчтүү”, - деп билдирди Назарбаеванын өкүлү.

56 жаштагы Дарига Назарбаева - былтыр атасы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин, Сенатынын спикери болуп шайланып, өлкөдөгү экинчи расмий адамга айланган. “Форбс” журналы аны Казакстандагы эң бай адамдардын катарына кошкон. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Назарбаева Рахат Алиев менен турган никеден үч балалуу болгон. Алардын тун уулу 35 жаштагы Нурали Алиев өзүн бизнесмен жана инвестор деп тааныштырып келет. Ал 2014-жылдын декабрынан 2016-жылдын 16-мартына чейин Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Рахат Алиев 2007-жылы Австрияга элчи болуп жөнөтүлгөн. Кийин президент Назарбаевди катуу сындоого киришип, атүгүл Назарбаевди бийликтен кетирүү ниетин да билдирген. Ошол эле жылы Дарига Назарбаева менен ажырашканы жөнүндө факс алып, бирок ага макул болгон эмес. Ага Казакстанда эки банкирди өлтүргөн деп айып тагылган. 2014-жылы өзү Австрия бийликтеринин колуна түшүп, сотко чейин камалган. Бирок иши каралаарына эки күн калганда 2015-жылдын 24-февралында анын сөөгү абакта табылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

  • 16x9 Image

    Ыдырыс Исаков

    «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG