Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Парламенттик жана жергиликтүү шайлоону бир өткөрүү сунушталды


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында cунуштады:

«Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоону бириктирип өткөрсөк туура болот. Анткени бүгүнкү кырдаал ушундай болуп жатат»,-деди ал.

Турускулов пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттен кеткен чыгым да азыраак болмок деп эсептейт. Бул сунушту депутаттар Марлен Маматалиев менен Нурбек Сыдыгалиев да колдоду.

Жалпы жыйынга катышып жаткан БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселенин пандемия учурунда адамдардын ден соолугуна тобокелдиктерин жана мыйзамдык жагын анализденгенден кийин гана кабыл алуу керектигин айтты:

«Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону чогуу өткөрсөк, акча үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок башка маанилүү жагдайлар да каралышы керек. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин аяктаса, шайлоо кийинки жылдын октябрь айынын биринчи де малыш күнү өткөрүлөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо болсо шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Бирок быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айынын биринчи демалыш күнү өтүш керек болчу. Ал өзгөчө абалга байланыштуу токтотулуп калды. Ошондуктан укуктук жактан караганда азыркы окуя башкача абал болуп турат».

БШК төрайымынын айтымында казынадан парламенттик шайлоого 560 млн. сом, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 56 млн. сом бөлүнгөн, жергиликтүү кеңештерге бөлүнгөн акчанын 24 млн. сому коротулган.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.

Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери токтотулган. Ага ылайык, шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталган соң шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.(BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG