Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:10

АКШ Сириянын президентине жана анын жубайына санкция салды


Сириянын президенти Башар Асад менен анын жубайы Асма Асад.
Сириянын президенти Башар Асад менен анын жубайы Асма Асад.

АКШ Сириянын президенти Башар Асад менен анын жубайы Асмага санкция салды. Сирияга жаңы чаралар киргизилгенин 17-июнда мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди. Ал алдыдагы апталарда жана айларда Асаддын өкмөтүн бутага алган “дагы көп” санкциялар болоорун эскертти.

“Биз Асад жана анын режими Сириянын элине каршы керексиз, ырайымсыз согушту бүтүрмөйүнчө жана Сириянын өкмөтү кармашты саясий жолу менен чечүүгө макул болмоюнча токтобойбуз”, - деп белгиледи Помпео.

АКШ 9 жылга созулган жарандык согушту токтотуу үчүн Сирияны Бириккен Улуттар Уюму арачылык кылган сүйлөшүүлөргө катышууга көндүрүү аракетин көрүп келет.

Вашингтондун жаңы чаралары Асаддын режими экономикалык каатчылыкка кептелип, өкмөткө каршы сейрек нааразылык акциялары өтүп жаткан учурда жарыяланды. Помпео Асаддын жубайына биринчи жолу сакция салынганын, ал күйөөсүнүн жана үй-бүлөсүнүн колдоосу менен согуштан пайда көрүп жатканын айтты.

16-июнда Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Василий Небензя Вашингтондун Дамаскка санкция салуу планын сындап, АКШнын чараларын “Сириянын мыйзамдуу бийлигин кулатууну көздөйт” деп мүнөздөгөн.

Буга чейин АКШ менен Европа Биримдиги Сириянын режимине бир нече жолу санкция салган. Ага ылайык, кайсы бир уюмдарга же компанияларга расмий Дамаск менен чогуу иш алып барууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG