Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Пара алууга шектелген судья кызмат ордунан четтетилди (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мунун алдында мамлекет башчыга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судья Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу маалыматы негиз болгон.

Максат Орозбакованы быйыл 12-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) пара алууга шектүү катары кармаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүрүлгөн. Натыйжада сотко чейинки өндүрүш башталган.

13-мартта Финполиция билдирүү таратып «мыйзамга ылайык, соттордун кол тийбестиги бар» болгону үчүн аталган судья кайра коё берилгенин кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG