Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Боронов: Бишкекке чектөөлөр киргизилбейт


Бишкекте чектөөлөр 1-майдан тарта алына баштаган. Коомдук транспорттун жүрүүсүнө 25-майдан тартып уруксат берилген.
Бишкекте чектөөлөр 1-майдан тарта алына баштаган. Коомдук транспорттун жүрүүсүнө 25-майдан тартып уруксат берилген.

Коронавирус инфекциясынын күчөгөнү менен Бишкекке чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул маалыматты өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов бүгүн, 16-июнда журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда коронавирустун күч алышы алдын-ала болжолдонгондой эле болууда:

«Бизде үч түрдүү божомол болгон. Азыр биз орточо оор баскычына келдик, кырдаал көзөмөлдө. Бирок Бишкекте вирустун жайылышы күчөгөнү тынчсыздандырууда. Ошентсе да азырынча шаарда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү планда жок», - деди Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жуктуруп катталгандар көбөйүүдө.

14-июнда 78 адамдан табылса, 15-июнда 87 адамга чыккан. 16-июнда коронавирус жуктуруп алган 100 адам жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкектен.

Президент Сооронбай Жээнбеков да 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып жатканын” айткан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG