Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Гонконгдогу демонстрацияларга бир жыл болду


Гонконгдогу өкмөткө каршы жүрүш. 24-май, 2020-жыл.
Гонконгдогу өкмөткө каршы жүрүш. 24-май, 2020-жыл.

Гонконгдо 9-июнда демократиялык топтор өкмөткө каршы кыймылдардын бир жылдыгын белгилөө үчүн элди көчөгө чыгууга үндөштү. Туура бир жыл мурда бир миллиондой адам кылмышкерлерди расмий Бээжинге өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышкан. Ошондон бери Гонконгдо толкундоолор уланып келет.

Мыйзам долбоору артка кайтарылса да, демонстранттар Гонконгдун башчысы Кэрри Лэмдин кызматтан кетишин, митинг учурунда кармалгандардын бошотулушун жана башка талаптарды коюп, акцияларды токтотушкан жок.

9-июндагы брифингде Лэм Гонконг 12 айдан бери токтобой жаткан «хаостун» уланышына жол бербестигин билдирди.

Толкундоолордун күчөшүнө жакында эле расмий Кытайдын Гонконгдун улуттук коопсуздук маселесине байланыштуу мыйзамды кабыл алганы да түрткү болду. Бээжин ал мыйзам «терроризмге жана сепаратизмге каршы күрөш үчүн зарыл» деп билдирген.

Ал эми гонконгдуктар бул мыйзам автономиянын өз алдынчалыгына доо кетирет деген ишеничте.

XS
SM
MD
LG