Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Пандемия ишкер аялдарга чоң сыноо болду


Карантин убагында ишкердиги жабыркап же жумушсуз калган аялдарга жардам берүү максатында «Айым баштайт» аттуу онлайн долбоор өз ишин баштады. Долбоорду «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду уюштуруп, ага айыл-кыштактарда жашаган кыз-келиндер катыша алат. 

Соңку жылдары Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдаганы менен пандемия ишкердикке жаңы кадам таштагандар үчүн чоң сыноо болду.

Ош шаарынын тургуну Дилбаркан Мамажанова Ошто аялдар үчүн йога залын ачканына үч жыл болду. Иши эми гана алдыга жылып, ушундай эле залды Бишкекте ачууга камынып турганда дүйнөнү вирус каптап, карантинде йога залы жабылып, өзү да үйдө отуруп калды. Качан ишин жандантарын билбей турган айым өз ойлору бөлүштү:

Дилбаркан Мамажанова.
Дилбаркан Мамажанова.

«Беш-алты айга эч нерсе пландабаганга аракет кылып жатам. Себеби, карантин дагы кайталанышы мүмкүн. Анан биз коомго жаран катары да өзүбүз жардам кылышыбыз керек. Азыр адамдарды бир жерге топтогонго болбойт. Биз ишкер катары кардарларыбызга аяр мамиле кылып, акча табууну эмес, алардын ден соолугун ойлошубуз керек. Андыктан азыр мен жеке ишкер катары өзүмдүн билимимди дагы өстүрүш үчүн атайын онлайн курстарга жазылдым. Көптөгөн китептерди сатып алдым. Андан сырткары карантин учурунда өзүмдүн төрт айлык планымды түздүм. Албетте, финансылык каражаттан кол жуудум. Бирок азыркы өзүмдү өнүктүрүүгө жумшаган иш-аракетим келечектеги ишиме, анын натыйжалуу болушуна жакшы таасир берет деп ишенем».

10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келген Махабат Жакеева - карантинден чыгаша тарткан дагы бир ишкер айым. Ал кол өнөрчүлүк менен катар уз болгусу келген айылдык кыз-келиндер үчүн атайын сабактарды да өтчү.

Өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан кийин кардарлары да токтоп, өндүргөн товары да сатылбай, үйдө отуруп калган. Азыр эми ишкер айым жаңы багытта иштөөгө аракет кылып, Интернет тармагын өздөштүрүп, видео сабактарды жасаш үчүн видео монтаждоого чейин үйрөнүп жатканын айтты:

Махабат Жакеева.
Махабат Жакеева.

«Карантин менин ишиме өтө эле кыйынчылык жаратты. Кол өнөрчүлүк - бул сөзсүз түрдө адамдар менен бетме-бет туруп, катышып жасай турган иш да. Изоляция, карантин учурунда бири-бирибиз менен жолуга албай ишибиз токтоп калды. Анан биздин кардарларыбыз көбүнчө туристтер болчу. Азыр өндүрүм сатканга деле мүмкүнчүлүк болбой, өндүрүш да азайды. Эми мындан ары кандай багытта иштейбиз деп ойлонуп турабыз. Мен онлайн окуу курстарын иштеп чыксамбы деп ойлонуп жатам. Койдун жүнүн кыркып алгандан баштап аны сорттоп, жууп-тазалап, андан кандай өндүрүм чыгарып, анан аны каякка сатыш керек деген сыяктуу сабактардын видеолорун тартып чыгууга камынып жатам. Аны сапаттуу тартып, монтаж кылганды да үйрөнүүгө туура келет. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатам».

Жогорудагы каармандарыбыз сыяктуу карантинде иши токтоп, кирешесиз үйдө отуруп калган аялдар Кыргызстанда миңдеп саналат.

Коронавируска байланыштуу карантинден ишкердиги жабыркап же жумушсуз калган аялдарга жардам берүү максатында «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду «Айым баштайт» аттуу онлайн долбоор уюштурду. Аталган фонддун жетекчиси Асел Кубанычбекова долбоорго айыл жеринде жашаган аялдар катыша аларын билдирди:

Асел Кубанычбекова.
Асел Кубанычбекова.

«Дүйнөлүк изилдөөлөр көрсөткөндөй, пандемия аялдар менен эркектерге түрдүүчө таасир этти. Айымдарды алып карай турган болсок, аялдардын көпчүлүгү тейлөө тармагында иштегендиктен пандемия убагында жумуштарын жоготуп же ишкердик менен алектенгендер ишин токтотууга мажбур болуп, кыйынчылыктарга туш келишти. Биз аялдардан көптөгөн каттарды алдык. Телефон чалып: «Мындан ары кантип иштесек болот? Кандай мүмкүнчүлүктөр бар?» деген суроолорду беришти. Пандемия Интернет адам баласынын жашоосунда маанилүү экенин көрсөттү. Андыктан биз долбоордун алкагында «Электрондук коммерция деген эмне? Бүгүнкү күндө Интернеттен кантип соода кылса болот? Социалдык тармактарды ишкердикке кантип натыйжалуу колдонсо болот? Башка өлкөлөрдүн электрондук базарларына кантип чыгыш керек?» деген жана башка ишкердик багытындагы мастер-класстарды өтөбүз. Долбоорго ар бир аймактан катышса болот. Жыйынтыгында биз 210 аялдын арасынан жакшы иш планын иштеп чыккан аялдарга гранттык негизде жардам беребиз».

Аталган долбоорду Кыргызстандагы АКШ элчилиги каржылап, аны Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) ишке ашырат.

Аялдарга колдоо көрсөтүү максатында «Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү» фонду иштетип жаткан бул долбоор - коомдук уюмдар карантинден кийин уюштуруп жаткан алгачкы иш-чара.

Экономика боюнча серепчи, бизнес-консультант Азамат Аттокуров мындай учурда аялдарга коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да жардам бериши керек деп эсептейт.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Карантинден эң көп жабыркагандар аялдар болду, - деди ал. - Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук эки эсе көбөйдү. Аялдарга жалаң эле коомдук уюмдар эмес, мамлекет да, бизнес тармагы да жардам бериши керек. Эгерде аялдар өз ишин баштап, ишкердик менен алектенип, экономикага аралашса, Кыргызстандын ички дүң өнүмү 26% көбөйөт. Анткени аялдардын көпчүлүгү жумушка жарамдуу катмар».

Социалдык өнүгүү министрлигинин 2019-жылдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2% гана аялдар. Ири ишкер аялдардын ичинен 22% өндүрүш тармагында, 56% соодада иштейт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар 19% түзөт.

Буга чейин кыргыз өкмөтү пандемия шартында ишкерлерди колдоо максатында антикризистик чаралардын экинчи баскычын бекиткен. Анда негизинен өлкөдөгү ишкерлерди колдоонун, карантиндик режимден соң калыбына келтирүүнүн жол-жобосу камтылган.

Бул антикризистик план эки жылга эсептелип, жалпы суммасы 40 миллиард сомду түзөрү айтылууда. Пландын алкагында өкмөт атайын Антикризистик фондду түзүп, ал аркылуу ишкерлерге жеңилдетилген, күрөөсү жок насыяларды берүү, салык боюнча милдеттенмелерди кайрадан карап чыгуу жана капиталдарды легалдаштыруу сыяктуу чараларды сунуш кылып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG