Президент Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен жардамчысы Абдулазим Курмановду Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кылып дайындап, мурда ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Ачык булактарда Абдулазим Курмановдун юрист, дипломат, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси экендиги белгиленип жүрөт.
Курмановго чейин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп турган Калыбек Алышбаев кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган. (NT)