Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Кыргыз-казак чек арасында 300дөй оор жүк ташуучу автоунаа кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасында топтолгон оор жүк ташуучу машинелер көбөйө баштады. Мамлекеттик чек ара кызматы «Азаттыкка» берген 2-июндагы маалыматы боюнча «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинин жанында казак тарапка өтүш үчүн кезекте 300гө жакын оор жүк ташуучу автоунаа топтолуп турат. Өткөн аптада 100дөн ашуун машина кезек күтүп турган учур катталган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн чек арачылары жактан эч кандай тоскоолдук жок, кезек күткөндөрдүн саны Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик комитетинин текшерүүсүнө байланыштуу көбөйүүдө.

Мындай көрүнүш бул бекеттин жанында улам кайталанып келатат.

COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек экенин, жүк мурдагыдай эле ташыла берүүгө тийиш экенин 29-майда Кыргызстандын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн-жыйынында айткан.

Кыргызстан да, Казакстан да Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG