Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Дарыгерлер бакшы Габышевди "коомго коркунучтуу адам" деп табышты


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Якутияда психоневрологиялык диспансердин дарыгерлеринен турган комиссия бакшы Александр Габышевди "өзүнө жана коомго коркунучтуу адам" деген корутунду чыгарды. Бул тууралуу укук коргоочу Алексей Прянишников билдирди.

Якутиялык бакшыны ушул айдын башында милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери үйүнөн кармап кетип, психиатриялык ооруканага күчтөп жаткырышкан.

52 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй былтыр март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокер» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.

Габышев сентябрь айында Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Якутиядагы полиция тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Габышев акыл-эси ордунда эмес деп табылганын билдирген. Бакшынын адвокаттары муну четке кагып, көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүнү талап кылышкан.

Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмыш куугунтугун токтотууну талап кылган петиция да жарыялашкан.

Бакшынын укугун коргоп жаткан юристтер өткөн аптада Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылышкан. Арызда Габышев Якутиядагы психоневрологиялык диспансерге күчтөп жаткырылганы, укуктары бузулганы белгиленген.

XS
SM
MD
LG