Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:45

Асрандиев: COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 менен күрөшүү өз ара соодага тоскоол болбошу керек, жүк мурдагыдай эле ташыла берүүгө тийиш. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын саммитинин онлайн-жыйынында билдирди.

«COVID-19га каршы күрөшүү боюнча биздин аракеттерибиз белгиленген өндүрүштүк-кооперациялык чынжырчалардын үзгүлтүккө учурашына алып келбөөгө тийиш. Жалпы обочолонуу жана чек араларды аргасыздан жабуу шартында биз үчүн өлкөлөр ортосундагы жана алыскы чет мамлекеттерге жүк ташууну тоскоолдуксуз ишке ашырууну камсыз кылуу маанилүү. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда өлкөлөрдүн ырааттуулугу чоң роль ойнойт. Биз КМШ өлкөлөрүнүн аймагы боюнча жүктү тоскоолдуксуз ташууну шарттаган жашыл коридорду уюштурушубуз керек», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө кыргыз тарапка берген жардамы үчүн өнөктөш өлкөлөргө ыраазычылык билдирип, COVID-19дун кесепеттерин жоюуну улантуунун маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле кызматташтыктын башка тармактарында, анын ичинде спорт, туризм жана жаштар саясатындагы маселелерди илгерилетүү боюнча иштер улантыларына ишеним артарын билдирди.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде Казакстандын чек арасына кире албай турган Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын кезеги бир нече чакырымга жетти. Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстан аркылуу жүк алып өтүүдө көп учурда кыйынчылыкка учурашарын белгилеп келишет. Алар коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында чек арада бир нече суткалап кезек күтүү катардагы көрүнүшкө айланганын айтып нааразы болуп жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG