Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Азия өнүктүрүү банкынан алынуучу каражаттын жарымы грант түрүндө болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында COVID-19 вирусунун тийгизген кесепеттери менен күрөшүү максатында Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн. доллар берет. Анын ичинен 25 млн. доллар грант түрүндө, калганы насыя түрүндө болот. Бул жөнүндө 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында Финансы министрлигинин өкүлү билдирди. Анын айтымында, насыя 24 жылдык мөөнөт менен берилди. Анын ичинен сегиз жылы жеңилдетилген түрдө, сегиз жыл бою насыянын үстөк пайызы 1%, андан кийинки жылдары 1,5% болот. Министрликтин берген маалыматына ылайык, бул каражат республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 26-майдагы жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимди ратификациялоого макулдугун берди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 30,8 млрд. сомго толбой калышы күтүлүүдө. Өкмөт кенемтени толтуруш үчүн бир катар эл аралык каржы уюмдарынан, өнүккөн өлкөлөрдөн жалпы 500 миллион доллардын айланасында карыз сураган.

Мунун ичинен Эл аралык Валюта Фондунан 243 млн. доллар буга чейин келип түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG