Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Зеленский: Украина ЭВФ менен меморандумга жакында кол коёт


Украин президенти Владимир Зеленский, Киев. 20-май, 2020-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский, Киев. 20-май, 2020-жыл.

Украина май айынын аягына чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен каржылоо программасы боюнча меморандумга кол коёт. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 20-майда кызматка киришкенин бир жылдыгына арналган басма сөз жыйынында айтты.

«Биз меморандумга кол коёбуз. Май айында кол коёбуз деп ишенем. Ал кечиктирилбеши керек», - деди Зеленский.

Украина ЭВФтен үч жыл ичинде 5,5 миллиард доллардык насыя алуунун жолдорун сүйлөшүп келет. Ал үчүн Киев өлкөдө бир катар реформаларды жүргүзүүгө милдеттендирилген. Зеленский бул талаптын алкагында парламент 13-майда кабыл алып берген банктар жөнүндө мыйзамга жакында кол коё турганы айтты.

Мунун алдында украин премьер-министри Денис Шмыгаль ЭВФтен келе турган 3,5 миллиард доллар дароо мамлекеттик бюджетке кошуларын билдирген. ЭВФтин болжолуна ылайык, быйыл коронавирус пандемиясынан улам Украинанын экономикасы 7,7% чейин төмөндөшү мүмкүн.

Куудул катары таанымал Владимир Зеленскийдин ант берип, президенттик кызматка ишке киришкенине 20-майда бир жыл толду. Ал шаршемби күнү Киевдеги Мариинский сарайында өткөн басма сөз жыйынында бир жыл ичинде эмне иш аткарганын, алдыда кандай пландары бар экенин айтып берди. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууну токтотуу, украин туткундарын бошотуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү уланарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG