Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Кара-Кулжада тажияга катышкан 60 киши үй карантинге алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылынын Орусияда каза болгон тургунун жерге берүүгө катышкан 60 адам үй карантинине алынды. Сөөктү алып келген эки кишинин биринин коронавируска тапшырган анализи шектүү чыкканын «Азаттыкка» Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, сөөк Орусиядан 18-майга караган түнү келип, ошол күнү жерге берилген.

«Бүгүн анализдер күтүлүп жатат. Азырынча «дарт чыкты» деп айтуу эрте. Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Коштоп келгендер кайсы жерлерде болгону иликтенип жатат. Бүгүн экинчи ПЦР (ПЧР - ред.) анализи чыкса так билинет», - деди Аширбаев.

Буга чейин тажияларга көп адамдын катышуусуна тыюу салынган.

Учурда сөөктү коштоп келген эки жаран обсервацияда. Алардан кайталанып алынган ПЧР-тесттин (полимердик чынжыр реакциясы - ред.) анализинен кийин гана COVID-19 бар же жок экени анык болот.

Республикалык штабдын 20-майга карата маалыматында, COVID-19 илдети 1270дан табылды. Алардын ичинен Ош облусу боюнча 197 учур, Кара-Кулжа районунан бир учур катталган. (DU)

XS
SM
MD
LG