Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

«Eurovision» сынагынын уюштуруучулары ыр таймаштын ордуна башка шоу өткөрүштү


Пандемиядан улам өтпөй калган «Eurovision» шоусунун ордуна башка иш-чара уюштурулду.

Быйылкы сынактын финалы 16-майда Нидерланддын Роттердам шаарында болмок, бирок коронавируска байланыштуу уюштурулбай калган. Анын ордуна 17-майда Европа мамлекеттериндеги 40 телеканал «Europe Shine a Light» («Европа нур чачат») деп аталган эки сааттык телешоу өткөрүштү.

Ага быйылкы «Eurovision» сынагына ат салышмакчы болгон бардык ырчылар үйлөрүндө туруп катышып, «Love Shine a Light» («Сүйүү нур чачат») деген ырды ырдашты.

Европа телерадиобирикмеси «Eurovision» эмки жылы Роттердамда өтөрүн, анда быйыл тандалган катышуучулар күч сынашарын айтты. Бирок баары жаңы ыр жөнөтүүгө тийиш.

«Eurovision» сынагы - 1956-жылдан бери такай өткөрүлүп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

XS
SM
MD
LG