Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Аскерге чакыруу жана жоокерлерди запаска бошотуу башталат


Кыргыз армиясынын жоокерлери.
Кыргыз армиясынын жоокерлери.

Президент Сооронбай Жээнбеков колгон койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда аскерге чакыруу жана кызмат өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу иши жандандырылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жээнбеков «Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, аскердик түзүмдөрдө, мыйзамда аскердик кызмат катары эсептелген мамлекеттик органдарда жана альтернативалык кызматын өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-май айларында милдеттүү кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө» 2020-жылдын 18-февралындагы жарлыгын колдогон документке кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6-апрелде президент Жээнбеков өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакырууну жана запаска бошотууну убактылуу токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон болчу. Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендиктен жана армияда илдеттин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандар күзүндө жана жазында бир жолку милдеттүү түрдө армияга кызмат өтөөгө чакырылат.

XS
SM
MD
LG