Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:13

Жалал-Абадда жаратылыш кырсыгы 6,3 млн. сомдук чыгымга учуратты


Ноокен району. 6-май, 2020-жыл.
Ноокен району. 6-май, 2020-жыл.

Жалал-Абад облусунун бир топ райондорунда 3-6-май күндөрү болгон сел менен мөндүрдүн чыгымы 6 млн. 307 миң сомдон ашты. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациялар «Азаттыкка» билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, Ала-Бука районунда сел 1,2 млн. сом, Аксыда мөндүр жана сел 3,7 млн. сом, Ноокенде 1,3 млн. сом жана Базар-Коргон районунда 100 миң сом өлчөмүндө чыгымга учураткан. Сузак районунда болсо табият кырсыгы олуттуу зыян алып келген эмес. Жаратылыш кырсыгынан негизинен эгин талаалары, мөмөлүү бак-дарактар, айрым турак жайлар зыянга учурап, 53 баш майда жандык кырылган. Жабыркагандарга кандай жардам болоору азырынча айтыла элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-10-май күндөрү күтүлүп жаткан катуу жамгырдан Ош, Жалал Абад, Баткен облустарында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Буга чейин бир жуманын ичинде катуу жааган жаандан Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында сел жүрүп, айдоо талааларын, турак жайларды суу каптаган. Кырсык дыйкандарды, малчыларды олуттуу чыгымдарга учуратты. Баткен облусу 55 млн. 276 миң сом чыгым тартканы кабарланган.(RsK)

XS
SM
MD
LG