Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Жалал-Абад шаарында комендатура күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Жалал-Абад шаары. 3-май, 2020-жыл.
Жалал-Абад шаары. 3-май, 2020-жыл.

Шаарда өзгөчө абал узартылганына байланыштуу шаардык комендатура эл арасында илдеттин алдын алуу, санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерди, коомдук тартипти сактоо менен бирге тургундарды үйдө болуп турууга үндөп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалал-Абад шаарынын комендантынын басма сөз кызматы билдирди:

«Шаар аймагына кирген 4 жердеги блокпостто кирип-чыккандар катуу текшерилүүдө. Адамдардын көчөдө негизсиз жүрүшүнө жол бербеш үчүн кайгуулдоо багыттары иштеп жатат. Ошондой эле 1-майдан тартып экономикалык мааниге ээ болгон 40тан ашык ишкана-мекемелердин жумушу жандандырылган. Өткөн сутка ичинде калаада коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн кармалган 13 тургунга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн».

Коронавируска байланыштуу Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин чечими менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда 10-майга чейин өзгөчө абал, ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими калтырылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG