Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Британияда дарыгерлерге акча чогулткан согуш ардагери 100гө чыкты


Том Мур Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.
Том Мур Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.

Кайрымдуулук акциясы менен таанылган Британиядагы Дүйнөлүк экинчи согуштун ардагери Том Мур 30-апрелде 100гө чыкты. Ал ушул айдын башында аны өсмөдөн дарылаган британ Улуттук саламаттык сактоо кызматына (NHS) ыраазычылык билдирүү максатында жана дарыгерлердин жаңы вирус менен күрөшүүдөгү мээнет-түйшүгүн сыйлап акча чогултуу акциясын баштаган.

Карыя анда үйүнүн короосун чыгырыктын жардамы менен айланып, марафон баштаган. Башында короону 100 жолу айланып, 30-апрелдеги туулган күнүнө чейин, 100 жылдык мааракесин утурлай 1000 доллардан ашык каражат топтоюн деп жаткан. Бирок анын бул акциясы тууралуу медиа каражаттары жазып чыккандан кийин кайрымдуулукка акча жөнөткөндөр жүз миңдеп көбөйүп кеткен.

Анын акциясынын алкагында 36 миллион доллар акча топтолду жана ардагер буга чейин чогулган акчанын чыпчыргасын коротпой, бир тыйынына чейин дарыгерлерге берерин айткан. Карыя дарыгерлерди «азыркы учурдун жоокерлери» деп атаган.

Том Мур туулган күнүнө карата дүйнөнүн чар тарабынан 125 миңдей куттуктоо катын алды. Анын жүз жылдык мааркесинин урматына британ Аскер-аба күчтөрүнүн эки учагы анын үйүнүн үстүнөн учуп өтмөкчү.

Ал Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Индияда, Мьянмада жана Индонезияда кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG