Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Шаар аралык, эл аралык каттамдар азырынча жанданбайт


«Манас» аэропорту. 18-март, 2020-жыл.
«Манас» аэропорту. 18-март, 2020-жыл.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими сакталып тургандыктан, азырынча бир облустан экинчи облуска барууга да чектөө сакталат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-апрелдеги брифингде билдирди. Ал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал сакталып турганын да эскертти. Ал эми аба каттамдарынын жанданышы тууралуу азырынча так жооп айтууга мүмкүн эмес экенин айтты:

«Өзүӊүздөр билгендей, эл аралык каттамдардын ачылышы бизден гана эмес, башка бизге каттаган өлкөлөрдөн да көз каранды. Коӊшу мамлекеттерде да абал ушундай, айрым өлкөлөрдө мындан да начар. Ал эми ички каттамдарды жакын арада жандандыруу планы жок».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жапкан. 22-марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип, ички жана сырткы каттамдар токтогон. Коомдук транспорттун жүрүшүнө тыюу салынган.

25-марттан тартып, оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жардыгы менен Нарын шаарынан, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG